Түрк басма сөзү-25.08.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

369354
Түрк басма сөзү-25.08.2015

«Йени шафак» гезити «Турак жайларга талап көбөйдү» деген макаласында маркалуу турак жай долбоорлорунун таасири менен июль айында 96 миң 589 турак үй сатылса, чет өлкөлүктөрдүн турак үй алуусу ылдамадаганын белгилеген.
Гезит жылдын башынан бери чет элдиктердин сатып алган турак үй саны 12 миңден ашканын, кыймылсыз мүлк сатып алууда Анталья эң көп тандалган облус болсо, андан соң Стамбул, Ялова жана Айдын орун алганын маалымдаган.
«Ватан» гезити «Эң көп буудай өндүрдүк» аттуу маалыматында айыл-чарба өндүрүшүндө дүйнөнүн маанилүү өлкөлөрүнүн арасында орун алган Түркияда өткөн жылы эң көп өндүрүлгөн талаа түшүмдөрүндө биринчи орунду буудай ээлесе, жашылчаларда помидор , ал эми мөмө-жемиште жүзүм биринчи орунду ээлегенин маалымдаган.
Гезит Азык-түлүк, талаа чарба жана мал чарба министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда, өткөн жылы орто эсеп менен 7,9 миллион гектар аянтка 19 миллион тонна буудай өндүрүлгөнүн, эң көп өндүрүлгөн талаа өсүмдүктөрүнүн арасында экинчи орунду кант кызылчасы, үчүнчү орунду арпа, төртүнчү орунду жүгөрү жана бешинчи орунду картошка алганын белгилеген.
«Миллийет» гезити «100 километрге 1 лира жагат» деген маалыматында Стамбул техникалык университетинин окуучуларынан турган İTÜ Күн энергиясы командасы, Түркиянын алгачкы 4 кишилик күн энергиялуу машинасы, «күндүн чыгышын өкүлдүк кылган кызылдык» түшүнүгүн берген «Аруна» аттуу унааны өндүргөнүн жазган.
Гезит бир километрге 1 куруштук бензин жаккан, саатына 70 км ылдамдык менен жүргөн, үй үлгүсүндөгү суу ысытуучусу сыяктуу эле энергия сарптаган «Аруна» алдыбыздагы күндөрдө Түркия туруна чыгааарын маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «Итальян аты менен марка жаратты, 40 миллион доллардык сатууга жетишти» деген маалыматында Түркиянын зергерлик базарынын маанилүү ысымдарынан, атактуу Хажы Мустафа Камердин неберелеринен Мустафа жана Айтач Камер, итальяндар сыяктуу абройлуу болуш үчүн 1998-жылы курган «Роберто Браво» маркасы менен чоң бөлүмү экспорттон турган 40 миллион доллардык сатууга жетишкенин баяндаган. Ал марканын Москвада 10 дүкөнү бар.
«Стар» гезити «Turkcell тамак гурусунан Түркиянын даам картасы» аттуу маалыматында Turkcell тамак гурусу, 2,5 миллондон ашуун коллонуучуларынын маалыматтарына таянып Анадолудагы дастаркондордун байлыгын, түрдүүлүгүн көрсөткөн Түркиянын эң ылдам даам картасын ортого салганын жазган.
«Сабах» гезити «Түрк кызына эң мыкты композитор сыйлыгы» аттуу макаласында Германиянын борбор калаасы Берлинде уюштурулган «Young Euro Classic» музыка фестивалында эң мыкты композитор сыйлыгы «Харфият» аттуу чыгармасынан улам Синем Алтанга ыйгарылганын баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Йешилчамдын атактуу кинолору Лондондо көрсөтүлөт» деген маалыматында Германияда жашаган түрк режиссеру Жем Каянын «Remake, Remix, Rip-Off» аттуу даректүү тасмасы Англияда да көрсөтүлөөрүн маалымдаган.
Гезит Йешилчамдын 1970-80-жылдарда эл аралык ийиликке жетишкен кино тасмаларына байланыштуу даректүү тасмада ал мезгилдин режиссер, оюнчу жана трюктары менен болгон маектешүүлөр орун алганын, даректүү тасманын 27-31-августта уюштурула турган Лондон коркунучтуу фильмдер фестивалынын алкагында көрсөтүлөөрү баяндалган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар