Түрк басма сөзү-23.08.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

339593
Түрк басма сөзү-23.08.2015

«Сабах» гезити «Сириялык балдар кышында үшүбөйт» аттуу макаласында Бирккен маркалар коому баштаган «Түркиянын маркалары баш калкалоочу балдарды кийинтүүдө» деген долбооруна колдоо кыска мөөнөттүн ичинде көбөйгөнүн маалымдаган.
Гезит Түркиянын ар бир бурчунан келген жардамдар 1 миллион 100 баланынын кийим-кечеси, бут кийими, мектеп баштыгы сыяктуу муктаждыктары камсыздалган чоң уюштурууга айланганын, ушул убакка дейре чогулган жардамдар 220 миллион лирага жеткенин белгилеген.
«Ватан» гезити «Айырма ушул; Түркиядан мээрим, Европадан муштум» аттуу маалыматында Түркия үч жылда 2 миллион сириялык баш калкалоочуга каалгасын ачканын жазган.
Гезит келген эч кимди артка кайтарбаган, 25 лагер курган, 6 миллиард доллар каржылаган, нанын, суусун бөлүшкөн-Түркия турганда, адамзат трагедиясына аркасын салган, өлкөсүндөгү баш аламандыктан качып каалгасын черткендерди да таяктар менен тоскон, качкындарды көз ачыштыруучу газ чачып жана тикенек зым менен токтоткон-Европа турганын ачык-айкын көрсөтүп берген.
«Стар» гезити «Муну да жаз ВВС» аттуу маалыматында террор тек гана жанга же мүлккө кол салып тим болбостон, кыстоо көрсөткөн элдердин намысына да көз коюп жатканын белгилеген.
Гезит англис медиасынын аял террористтер аркылуу имидж иштеп чыгууга аракет кылып жатканын, аесуз ППКлык террористтердин аял жана кыздарды коркутуп тоого алып барып зордуктап жатканын, ал эми террор уюмуна «тоодогу аялдар» деген ысым берип жаткан чет өлкөлүк медиа бул жосунду көрмөксөнгө салып жатканын маалымдаган. Гезит Агрынын губернатору Муса Ышындын 40 чакты жаш кыздын ПККлыктар тарабынан качырылып кеткенин жана «бул абалыңар менен үй-бүлөңөргө бара албайсынар» деп айтылып уюм тарабынан тоодо кармалганын айтканын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Голливуддун чарыкчысынан ажыларга тапочка» деген маалыматында Голливуд кино тасмаларынын чарыкчысы катары таанылган түрк устасы Хүсейин Копар, бир фирманын буюртмасы менен ыйык жерлерге ажылыкка бара турган талапкерлер үчүн сууга жана чөлдүн ысыгына чыдамдуу тапочка өндүрө баштаганын жазган.
Гезит Копардын ушул убакка дейре «Улуу Зулкарнайн» «Фетих 1453» «Гарри Поттер» «Шакектердин мырзасы» «Арегон» жана «Аватар» сыяктуу фильмдер үчүн тери бут кийим долбоорлогонун, ал кино тасмалар аркылуу осмонуктардын чарыгын бүткүл дүйнөгө таанытканын баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Түрк фирмалары дүйнөгө ачылууда» деген маалыматында Англиядагы алгачкы дүкөнүн февраль айында Oxford стритте ачкан түрк ун продукцияларын өндүрүүчү Симит Сарайынын үчүнчү дүкөнү Piccadilly Circus’ta кызматка киргенин баяндаган.
Анда Симит Сарайы Англияда 2015-жылдын акырына чейин 7 дүкөн ачууну максаттаганы, чет өлкөдө 334 дүкөнү болгон мебель фирмасы Исткбал болсо Косово, Гижлан жана Феризажда дагы 2 дүкөн ачканы, фирманын максаты 2016-жылдын акырында Европада 100 дүкөнгө жетүү болгону маалымдалган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар