Түрк басма сөзү-27.07.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

378201
Түрк басма сөзү-27.07.2015

«Йени шафак» гезити «Түркия кудуретин көрсөттү» аттуу маалыматында Премьер-министр Ахмет Давутоглу Долмабахчедеги премьер-министрлик кеңсесинде гезиттердин баш редакторлору менен жолукту жана маанилүү маалыматтарды берди.
Гезит Давутоглунун террорго каршы операцияларынын 3 максаты болгонун билдирип, алар; эркиндик жана демократияны коргоо, мамлекеттик тартипти сактоо жана Түркияга ачык түрдө согуш жарыя кылгандарга күч-кудуретибизди көрсөтүү дегенин баяндаган.
«Миллийет» гезити «Түрк информатикасын дүйнөгө сатат» аттуу маалыматында түрк мекемелик информатика фирмасы Etiya багытын чет өлкөгө бурганын жана фирманын куруучу өнөктөшү Аслан Догандын Түркияда өздөрүн далилдешип, жакшы ийгиликтерге жетишкендерин белгилеп, жаңы максаттарынын чет өлкөдө өсүү болгонун айтканын жазган.
Гезит эң биринчи Канадада бир долбоорду аткаргандарын айткан Догандын, «Булуң, Балкан, Жакынкы Чыгыш жана Азия базарларына карап жатабыз»-дегенин баяндаган.
«Стар» гезити «Босфор кысыгында шаң-шапат» аттуу маалыматында Түркиянын улуттук олимпиада комитети тарабынан быйыл 27-жолу уюштурулуп жаткан Босфордогу материктер аралык сууда сүзүү жарышы Стамбул кысыгында аткарылганын жазаган. Анда 6,5 чакырымдык жарышка 49 өлкөдөн 1870 спортчунун катышып жатканы маалымдалган.
«Хүррийет» гезити «Инна Капалычаршыда клип тартты» аттуу маалыматында 2008-жылы эфирге берген «Hot» аттуу альбому менен музыка дүйнөсүнө кадам таштаган, андан кийинки жылы MTV румыния музыка сыйлыктарында эң мыкты бий жана эң мыкты шоу көрсөткөн ырчы, эң мыкты эл аралык санатчы сыйлыктарын жеңип алганын белгилеген. Анда румыниялык ырчы Иннанын Стамбулга суктанганы, “Party Never Ends” аттуу ырына Үскүдардагы бир отелдин чатырында клип тартканы, "Bop Bop" аттуу ырына да Стамбулда клип тарканы баяндалган.
«Сабах» гезии «Түркиядан укмуш селфи» аттуу маалыматында Англиядан Түркияга эс алууга келген 20 жаштагы Лорен Ньюэллдин парашют селфиси англис басма сөзүндө кеңири орун алганы маалымдалды. Анда жаш айымдын Өлүдеңиздеги жар паршюту менен секирүүсү дүйнөдөгү эң бийик экинчи секирүү катары катталганы баяндалды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар