Түрк басма сөзү-15.07.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

381014
Түрк басма сөзү-15.07.2015

«Йени шафак» гезити «Саясат макулдашуу искусствосу» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдоган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолуккан иптар программасында коалиция сүйлөшүүлөрүн өткөрүп жаткан саясий партияларга кайрылганын жазган.
Гезит коалиция сүйлөшүүлөрүнүн бекем жүргүзүлүп пайдалуу натыйжа чыгышын каалаган Эрдоган, Сирия, Ирак, Греция жана Украина сыяктуу коңшу өлкөлөрдөгү абал ортодо турганда парламенттеги бардык саясий партиялардын жетекчилеринин өлкөнүн келечегин ойлогон кадам таштоолору керектигин айтканын баяндаган. Анда Эрдогандын, «Муштумду түйүп алып кол алыша албайсың, саясат деген өзү макулдашуу, сүйлөшүүлөрдүн негизинде мунасага келүү искусствосу болуп саналат», дегени орун алды.
«Стар» гезити «Давутоглу: аттиң мурдатан эле кол коюлганда» аттуу маалыматында премьер-министр Ахмет Давутоглу Иран менен батыштык мамлекеттердин ортосунда жүргүзүлгөн атомдук сүйлөшүүлөрдө жетишилген келишимди ыраазы болуп кабыл алганын жазган.
Гезит Давутоглунун, «Аттиң бул келишимге мурдатан эле жетишилгенде жана чыңалуу басаңдатылып, атомдук курал коркунучу жоюлганда жакшы болмок. Ошондой эле эмбарголордун да жоюлушу биз үчүн оң жылыш болоор эле»-дегенин баяндаган.
Гезит энергетика жана жаратылыш ресрустары министри Танер Йылдыз: «Инвестициялардын жолу ачылган болот эле»-деп атканын, каржы министри Мехмет Шимшектин, «Келишим түрк экономикасы үчүн абдан жакшы кабар. Соода-сатык жана инвестицияларды арттырат», деген сереп салганын берген.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Эмбаргонун жоюлушу ирандык туристтерди тартат» аттуу макалада Иран менен жетишилген келишим түрк туризмчисин да толкундантканы орун алды.
Гезит Түркия саякат агенттиктери биримдигинин башчысы Башаран Улусой бул абалдын Түркиянын туризм секторуна оң салым кошоорун көздөгөндөрүн айтканын жазган.
Гезит ирандыктар өз өлкөлөрүндөгү учактарга эмбаргонун себебинен тетик таба алышпаганын, мунун болсо Түркия туризминин эң маанилүү тоскоолдук катары каралганына көңүл бурган Улусой: «Келип жаткан жылдык 1,5 миллион ирандык турист саны 2 миллионго жетет»-дегенин берген.
«Ватан» гезити «Түркиянын эң мыкты банкы тандалды» аттуу макалада Акбанк Euromoney тарабынан уюштурулган 2015-жылдын сапаттуулук сыйлыктарынын (2015 Excellence Awards) алкагында Түркиянын эң мыкты банкы болуп тандалганын маалымдаган.
Гезит Акбанк бул сыйлыкты акрыкы 10 жылда алтынчы жолу жеңип алганын, сыйлык аземи дүйнөдөн бир топ банктардын жогорку башкаруучуларынын катышуусу менен Лондондо ишке ашканын жазган.
«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору элди майрамы менен куттуктады» аттуу маалыматында Түрк аба жолдору Рамазан айт майрамына Аэрбус А-321 үлгүсүндөгү учагын атайын сүрөттөр менен кооздогонун жазган.
Гезит бортунда түрк жана Жакынкы Чыгыш мотивдери тартылган учак, англис жана араб тилинде «Майрамыңыздар менен!» деген маалыматты алып жүрөөрү жана учак Орозо айт майрамдалган бардык өлкөлөрдө көрүнөөрү маалымдалган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар