Түрк басма сөзү-9.07.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

338816
Түрк басма сөзү-9.07.2015

«Ватан» гезити «Европа Биримдиги ката кылууда» аттуу маалыматында 11-президент Абдуллх Гүлдүн Европа Биримдигинин Түркияны стратегиялык пайда табуу борбору жана өнөктөш катары карабоосунун жаңылыш болгонун айтканын жазды.
Гезит А.Гүлдүн: «Европа Биримдиги глобалдык актер болгусу келсе Түркияга муктаждыгы бар»-дегенеин жана Сирияга кеткен чет өлкөлүк согушкерлер темасына да токтолгон Гүлдүн, «Түркиянын чет өлкөлүк согушкерлердин көчүнө каршы ар түрдүү маалыматка муктаждыгы бар. Бул маалыматтарды бербей сындагандар чынчыл мамиле калыган жери жок»-деп айтканын баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Анталья Чоң жыйырмалыктын саммитине даярданууда» аттуу маалыматында Чоң жыйырмалыктын (G-20) лидерлер саммити 15-ноябрда Түркиянын туризм борбору Антальянын Белек аймагында башталаарын жазган.
Гезит 10 күнгө созула турган самммитке АКШнын президенти Барак Обама, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Орусиянын президенти Владимир Путин сыяктуу маанилүү лидерлер катышаарын маалымдаган. Анда туризмчилердин Белек аймагынын маанилүү таанытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна көңүл бурушканы, саммит айрыкча коопсуз өлкө имиджине салым кошоору, Анталья болсо марка баалуулугун дагы да жогорулатаарын белгиленгендери орун алган.
«Йени шафак» гезитинде жарык көргөн «Өнөр жайдын кыймылдаткычтары иштөөдө» аттуу макалада өнөр жай өндүрүшү май айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 2,4 пайыз өсүү көрсөткөнү, 1,5 пайыз болгон күтүүлөрдөн кыйла эле жогору ийгилик көрсөткөн өнөр жай өндүрүшү өсүүгө олуттуу салым кошоору орун алган.
Гезит өнөр жай өндүрүшүндө эң чоң өсүү 33 пайыз менен машина жана тетиктеринин чогултулушу менен оңдолушунда болгонун, өнөр жай өндүрүшүндөгү өсүүнүн улана турганы белгиленгенин маалымдаган.
«Стар» гезити «Саламаттык сактоодо Бируни доору башталууда» деген маалыматында «Бируни» университети 100 жылдын Бирунилерин жетилтүүгө даярданууда экенин жазган.
Гезит ушул максатта эл аралык университеттер менен биргелеше иш алып барган университеттин нобель сыйлыктуулар Питер Агре жана Шинья Яманака менен келишим түзгөнүн маалымады.
Анда ийгиликтүү окуучулардын эң мыкты конгресстерге катышуулары, эл аралык илимий долбоор жана чыгарылыштарда орун алуулары камсыздалып, билим алуу акысыз болоору орун алган. Ошондой эле АКШнын Бейлор медициналык факультетинде иш-тажрыйбасын алмашуу мүмкүнчүлүгү сунушталат, каалаган экинчи чет тил үйрөтүлөт, окуучулар жана үй-бүлөлөрү үчүн атайын саламаттык сактоо камсыздоосу аткарылат, ооруканада акысыз дарылана алышат, каалаган убактарында кошумча магистратура же докторантурадан окуй алышат, билим берүү мөөнөтү убагында 3 миң түрк лиасындай кайтарымсыз стипендия алышат.
«Сабах» гезити «Электрдүү машина августта даяр болот» деген маалыматында Түркия илимий жана технолгиялык изилдөө мекемеси (TÜBİTAK) өнүктүргөн электрдүү унаа үчүн саналуу күндөр калганын билдирди.
Гезит 4 прототип август айында чыгарылаарын, дагы алыс жолго жүрө алган электрдүү унаалардын кагылышуу, татаал жер жана мезгил шарттарына ылайыктуулук сыноолору жасалгандан кийин өндүрүлүшү максатталганын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар