Түрк басма сөзү-25.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

319774
Түрк басма сөзү-25.06.2015

«Йени шафак» гезити «Европа уялышы керек» аттуу макаласында Европа Парламентинин Түркия боюнча репортеру Кэти Пири Европа Биримдигинин качкындар боюнча саясатын катуу сынга алганын жазып чыкты.
Гезит Пиринин Түркия 2 миллион сириялыкка кучак жайып жатканда, 20 миң баш калкалоочунун ЕБне мүчө өлкөлөрдүн ортосунда кандай таркатыла туганын чече албаган Европанын уялышы керектигин айтып, ЕБ өлкөлөрүнүн адам укуктары темасындагы ишеничин жоготпошу керектигин билдиргенин маалымдаган.
«Стар» гезити «Эң жаңы тенденциялар балкондуу кеңседе» аттуу маалыматында АКШлык кыймылсыз мүлк боюнча кеңешчилик фирмасы Keller Williams Түркиядагы кеңселер долбоорлорун иликтеп чыкканын белгилеген.
Гезит Түркия боюнча эң көп кеңсе долбооруна Стамбул, Анкара, Измир жана Антальяда орун берилсе, жаңы тенденциянын болсо балкондуу кеңседе болгонун маалымдаган. Анда кеңешчилик фирмасы Түркиядагы долбоорлорго жана кыймылсыз мүлк базарына чет өлкөлүктөрдүн да кызыгуусу барган сайын арбыганын, жылда миллиондогон чет өлкөлүк туристти тоскон Анталья өзгөчө чет өлкөлүктөрдүн көздөгөнү абалында экенин баяндаган.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Чет өлкөлүк инвестиция быйыл 12 миллиард доллардан ашат» аттуу макалада Түркия 2014-жылы тарткан 12,1 миллиард доллардык инвестиция менен өткөн жылкы ордун сактап дүйнөдө 22-орунду ээлегени маалымдалган.
Анда өкөн жылы дүйнөдө инвестиция киришүүсү 16 пайыз төмөндөгөнүн, быйыл чет өлкөлүк инвестиция максаты 12 миллиардга жетүү болгон Түркия, өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн арасында өткөн жылы он экинчи, Батыш Азия аймагында болсо биринчи орунда турганы белгиленген.
«Хүрийет» гезити «Иран түрк баалуу заттарына чоң талап коюуда» деген маалымында Түркиянын экспортчулар ассамблеясынын көрсөткүчтөрүнө караганда Иранга Түркиядан баалуу заттардын экспорту ушундай ылдамдык менен уланса 2015-жылы рекорддук деңгээлге жетээрин маалымдаган.
Гезит май айында 193,7 миллион доллардык экспорт жасалса 5 айлык баалуу заттардын экспорту 404 миллион долларга жеткенин билдирген.
«Миллийет» гезити «Грек аралдарында арзан эс алуу аяктап баратат, туристтер Түркияга багытталууда» деген маалыматында Грециянын кризистен чыгыш үчүн аралдарга салыкты көбөйтүү планы туристтердин альтернатива издөөсүнө себепчи болгонун жазган.
Гезит ылайыктуу баалардын себебинен тандалган аралдарда салыктардын 6,5 пайыздан 13 пайызга, ресторан салыктарынын 13 пайыздан 23 пайызга жогорулатылышы пландалганын, коңшудагы бул абалдын түрк туризмине жарай турганы божомолдонгонун маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар