Түрк басма сөзү-24.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

316375
Түрк басма сөзү-24.06.2015

«Миллийет» гезити «Өлкөнүн ар катмары Парламентте» аттуу маалыматында Түркия Улуу Улуттук Парламентинде кечээ тарыхый күн өткөнүн жазган. Гезит роман, армян, ассур, езид, күрт, хиджапчан, мүмкүнчүлүгү чектелген айтор ар катмардан эл өкүлдөрү ант берип кызматтарын баштаганын маалымдаган. Анда Республика тарыхынын «аял өкүлүндө» рекордго жетишип 98 орундук менен Түркия Улуу Улуттук Парламентине кирген жана 21и жоолукчан аялдардын ант берүүсү кызыгууну тартканы, эл өкүлдөрү ант берип жатышканда партиялардын кулисаларынын күн тартиби болсо коалициялык өкмөт изденүүсү менен өткөнү маалымдалган.
«Стар» гезити «Ирандан 10 миллиард доллардык жол ишине «тендерсиз» чакыруу» аттуу маалыматында Иран менен Түркиянын ортосундагы соода-сатык карым-катнаштары көбөйүп баратканда инвестиция үчүн чакырык келгенин жазган.
Гезитте Ирандын Анкарадагы элчиси Али Рыза Бикделинин түрк фирмаларды өлкөсүнө инвестиция салууга чакырып: «Жол министрлиги 10 миллиард долларлдык ишти тендер ачпастан түрк фирмаларына бере алат. Түрк фирмаларга батыштык фирмалардан артта калбоо үчүн чакырык саламын»-деп айтканы баяндалган. Анда Бикделинин Иран катары батыш өлкөлөрүнө караганда түрк фирмаларына дагы жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө жана алардын күчүнөн пайдаланууга даяр болгондорун айтканы орун алды.
«Сабах» гезити «Халал жарманкеси октябрда ачылат» аттуу макаласында Халал ЭКСПО жарманкеси 22-25-октябрь күндөрүнүн арасында Стамбулда боло турганын жазып чыккан. Гезит жарманкенин Дүйнөлүк Халал кеңешин да тосуп алып, улуттук жана эл аралык азык-түлүк профессионалдарын жолугуштура турган жарманке менен бир эле учурда Адал азык саммити, чакан жана орто көлөмдүү ишканалардын саммити, бүткүл ЭКСПО жарманкеси жана бүткүл Инновациялык технологиялар жарманкеси да уюштурулаарын маалымдаган. Азык-түлүктөн кийимге чейин, дары-дармектен туризмге чейин кеңири тармакты камтыган адал азык базарынын дүйнөдөгү көлөмү 860 миллиард доллардан ашат.
«Йени шафак» гезити «Палестина жерлери документтешүүдө» деген маалыматында Премьер-министрликке караштуу чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын төрагасы Кудрет Бүлбүл, Палестина платформасы менен Осмон дөөлөтүндөгү Палестина архивдерин изилдегендерин жана каттоолорду документтештиргендерин айтканын жазган.
Гезит Бүлбүлдүн: «Осмон архивдеринен жер кадастрынын каттоолору, падыша буйруктары же тарыхый документ мүнөзүндөгү бардык документтерде Иерусалим жана Палестина жерлериндеги аянттардын кимге таандык болгону жөнүндөгү документтерди кайрадан чыгарып жаткандайбыз. Бул документтер англис, араб, фарс жана дагы көп тилге которулат. Бул документтер менен Израиль мамлекети, Палестинадагы жеке же мамлекеттик аянт үчүн «бул жер же аянт Палестинаныкы эмес дей албай калат»-дегенин баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Радиация шамалы жер шарына жетти» аттуу маалыматында күндүн бетинде 21-июнда болгон чоң жарылууда атырылган массанын себебинен радиация жайылып жер шарына жеткенин жазган.
Гезит илимпоздор бир топко дейре энергия өткөрүүчү чубалгыларда жана дүйнөлүк позиция системасында (GPS) чоң зыянга учуроолор болушу мүмкүн экенин жарыялаганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар