Түрк басма сөзү 22.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

313800
Түрк басма сөзү 22.06.2015


«Йени шафак» гезити «Түркия жакшылык кылууда чектен ашты» деген макаласында БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Антонио Гутерестин Түркиянын сириялык баш калкалоочулар темасында жасагандары мактоого арзырлык экенин белгилегенин жазган. Мардин жана Шанлыурфадагы лагерлерди кыдырган Гутерес: «Сириялыктар темасында Түркия жоомарт болбогондо окуялардын коркунучун өтө олуттуу түрдө бардык аймакта көрмөкпүз»,-деди. Атактуу кино жылдызы жана БУУнун жакшы ниет элчиси Анжелина Жоли да сириялыктар менен жолугушту жана «Түркия чоң коркунучтарды болтурган жок. Үлгү алынышы керек»,- деп айтты.

«Стар» гезити «Венгер музейинде Түркиядан көркөм чыгармалар» деген маалыматында Венгрияда музейлер түнү иш-чарасынынын алкагында борбор шаар Будапешт менен көптөгөн шаарда жүздөгөн музей жана көркөм өнөр галереясы түнү бою искусство сүйүүчүлөрдү кабыл алганын жазган. Юнус Эмре институту Будапештте ар түрдүү иш-чараларды уюштурду. Ушул алкакта түрк элдик бийлери тартууланды. Кыдыруучуларга түрк элдик бийлери жөнүндө маалымат берилип, айрым түрлөрү үйрөтүлдү. Чоң кызыгуу жараткан иш-чарада түрк чайы жана таттуулары сунулду.

«Хабер түрк» гезити «Беязид Экинчи макул болгондо Америка түрк тилинде сүйлөшмөк» деген макаласында тарыхчы Мурат Бардакчы: «Американын тарыхта Осмон империясына караштуу болуу ыктымалы бар эле. Бирок Беязид Экинчи бул ыктымалдуулукту каалаган жок»,-дегенин жазган.
Бардакчы өз макаласында: «Жаңы дүйнө деп аталган Американы тапканын айткан Кристофор Колумб ишке ашыра турган сапарын Европада финансылай турчу өкүмдар таба албагандыктар Беязид Экинчиге кайрылды. Султандын атынан жаңы өлкөлөрдү табуу үчүн андан кемелердин берилишин талап кылды. Беязид Экинчи бул талапты кабыл алган жок»-деп жазды.

«Сабах» гезити «Түркияда көгүлтүр байрактуу пляждардын саны 436га жетти» деген маалыматында Түркияда деңиз жана көл сууларынын тазалыгы жагынан сапаттуу пляждарга берилүүчү «көгүлтүр байракка» ээ болгон пляждардын саны акыркы 10 жылда 2 жарым эсе өскөнүн билдирген. Эл аралык экология билим берүү фондунун көрсөткүчтөрүнө караганда Түркия пляждардын сапаты жагынан дүйнөдө экинчи орунда турат. Бул учурда кувейттик ишкер Юсуф Ахмедге таандык «Самар» аттуу сууда сүзүп жүрүүчү мотордуу сарай яхта Бодрумга келди. Яхтаны көбүнчө европалыктар жана араб бай ишкерлер түрк деңиздеринде көгүлтүр саякат үчүн ижарага алышат.

«Миллийет» гезити «Түндүк Кипр Түрк Республикасында туризм өнүгүүдө» деген маалыматында Түндүк Кипрде акыркы 5 жылда туристтердин саны 100 пайыз өскөнүн билдирген. Бул өсүү Кипрдын Рум бөлүгүнүн да көңүлүн бурду. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын туризм министри Ментеш Гүндүз: «Түрк тараптын туура кадамдары туризмди өнүктүрүүдө. Румдар тоскоол болбой, колдоо көрсөтсүн»,- деди. Акыркы жылдарда туристтердин саны Түндүк Кипрде ылдам өссө, Рум бөлүгүндө болсо 30 пайыз төмөндөдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар