Түрк басма сөзү-21.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

312521
Түрк басма сөзү-21.06.2015

«Хабер түрк» гезити «Суруч баш калкалоочулар лагери дүйнөгө үлгү болду» аттуу макаласында Шанлыурфанын Суруч районундагы баш калкалоочулар лагери, эл аралык маалымат агенттиги Ассошейтед пресс тарабынан кабар кылынганын баяндаган.
Гезит 15 аймакка жайылган 7 миң чатырда 25 миң баш калкалоочунун ыңгайлуу түрдө жашаганына орун берилген кабарда лагердин, дүйнөнүн эң чоң баш калкалоочуларды батырган лагер катары символго айланганын белгилеген. Анда айрыкча 2 миллиондон ашуун сириялыкты баш калкалаткан Түркиянын дүйнөдө үлгү болгон жоомарттык көрсөткөнү баяндалган. Кабарда Түркия муну жасап жатканда Европа өлкөлөрүнүн болсо көчмөндөрдүн кайыктарын чөктүрүү пикирин талкуулап жатканы жана баш калкалоочу квотасын жогорулатуудан сөз кылып жатканы орун алды.
«Йени шафак» гезити «Саламаттык сактоо туризми үчүн 33 борбор» аттуу маалыматында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Түркия чек ара жана жээктер саламаттык сактоо башкы директорлугу өлкөнүн туризмине салым кошуу үчүн Түркияга чек аралаш болгон жээктерде саламаттык сактоого байланыштуу көзөмөлдөөлөрдү ылдамдатуу жана өлкөгө дагы көп турист тартууга салым кошуу үчүн саламаттык сактоо кызматкерлерин милдеттендиргенин жазган. Гезит кеме жана яхталар менен тейлөө максатында 33 жээк саламаттык сактоосун көзөмөлдөө борбору кызмат кылаарын баяндаган.
«Стар» гезитинде жарык көргөн «National Geographicтин эң коркуусуз түркү» аттуу макаласында дүйнөнүн эң көп рискке кирген 22 саякатчысынан бири болуп тандалган, эл аралык жана улуттук бир топ сыйлыкка ээ болгон түрк илимпозу дц.др.Чаган Шекержиоглунун, «National Geographic» журналынын алгачкы түрк фтосүрөтчүсү болгону орун алган.
Анда фотосүрөт жана видео агенттиги «National Geographic Creative» үчүн иштөөгө укуктуу болгон Шекержиоглунун фотосүрөттөрү: http://talent.natgeocreative.com/talent адресинде көрүлсө болоору жана Шекержиоглунун эмгектери «National Geographic Түркия» журналында да жарыяланаарын маалымдаган..
«Хүррийет» гезити «Миллер келе жатат» аттуу маалыматында грэмми сыйлыктуу музыкант Маркус Миллер 22-Стамбул жаз фестивалы үчүн Түркияга келе жатканын жазган.
Гезит заманбап жаз музыкасынын жашаган легендаларынан болуп кабыл алынган Миллер, фестивалдын алкагында 2-июлда концерт коерун жана ыр чеберине саксафондо Алекс Хан, гитарада Адам Агата, ионикаларда Бретт Уильямс жана добулбаста Луи Катона коштоорун маалымдаган.
«Сабах» гезити «Смартфондордо «jet lag» ишке ашыруусу» аттуу маалыматында Эл аралык аба тарнспорту мекемеси (IATA), «jet lag» катары билинген, кыска мөөнөттөрдө узун аралыкка учкан жүргүнчүлөрдүн биологиялык ритминин бузулуу маселесине чечим табуу үчүн смартфон ишке ашыруусун өнүктүргөнүн белгилеген.
Анда SkyZen деп аталган ишке ашыруу саат айырмасын жана аба ырайын да эске алып, колдонуучуга жол тарткан учурунда, эң биринчи качан жана канча укташы жана биологиялык ритминин корголушу үчүн эмне жеши керектиги сыяктуу маалыматтарды бере баштаары орун алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар