Түрк басма сөзү-17.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

307538
Түрк басма сөзү-17.06.2015


«Йени шафак» гезити «Түркия дуулдап жатат» аттуу макалада Египеттеги соккучул башкаруунун Мурси жана Ихвандын мүчөлөрүнө өлүм жазасын бериши Түркияны дуулдатканын жазган.
Гезит бир топ областта көчөлөргө чыккан калк, сокуучул Сиси башкаруусуна наалат айтканын, эл аралык коомчулукту зулумдукка каршы чыгууга чакырганын маалымдаган. Анда глобалдык системанын актерлорунан айрымдарынын Египеттеги зулумдукту үн катпай байкап турганы, айрымдарынын болсо ачык эле колдоого алганына шилтеме кылынып, «Биз, дүйнө жүзү үн катпаса да эч качан үн катпай калбайбыз. Зулумга күбөлүк сурабастан каршы чыгабыз» дегени орун алган.
«Хабер түрк» гезити «Рамазан айы башталууда» аттуу макаласында мусулмандар бүгүн түнү Рамазан айынын алгачкы орозосун кармоо үчүн зоорго турушаарын маалымдаган. Гезит 1 айлык рамазан айынын быйылкы темасы «Убакыт жакшылыктын убагы. Бул Рамазанда жана ар дайым» деп белгиленгенин, ушул себеп менен маалымат жыйын өткөргөн Дин иштери башкармалыгынын төрагасы мехмет Гөрмез: «Рамазанды көңүл ачуу секторуна айланыдырып, анын рухун капага салбайлы. Биз рамазанды өзгөртүүгө аракет кылсак, Рамазан бизге алып келген ал тынчтыкты, адилеттикти, туугандыкты да колубуздун сырты менен түркөн болобуз. Биз рамазанды эмес, Рамазан бизди өзгөртсүн»-дегенин баяндаган.
«Сабах» гезити «Түркия мистикалык борборго айланууда» аттуу маадыматында Түркиянын алгачкы Мистика изилдөө институту Стамбулдагы Үскүдар университетинин курамында ачылганын жазган. Анда институт, мистика жана жүрүш туруш илимдери тармагында магистр билимин берип, изилдөө жүргүзөөрү, быйыл алгачкы окуучуларын ала турган институтка Жакынкы Чыгыштан баштап дүйнөнүн ар тарабынан чоң кызыгуу болуп жатканы маалымдалган.
«Хүррийет «гезити «Түрк аба жолдору Европадан бир убакта 4 сыйлык алды» аттуу макаласында Түрк аба жолдорунун авиация дүйнөсүнүн кеңешчилик жана текшерүү мекемелеринен бири болгон Skytrax жүргүнчүгө баа берүү жыйынтыктарына караганда 4 сыйлык алды. Буга ылайык Түрк аба жолдору 2015-жылдын «Европанын эң мыкты аба жолу фирмасы», «Дүйнөнүн эң мыкты бизнесс класс өзгөчө жүргүнчү залы», «Эң мыкты бизнесс класс өзгөчө жүргүнчүнүн тамак-ашы» жана «Түштүк Европанын эң мыкты аба жолу фирмасы» деген сыйлыктарды алууга укуктуу болгонун маалымдаган.
«Стар» гезити «70 өлкө менен орган туугандыгы» аттуу маалыматында Түркия орган алмаштыруу тажрыйбаларын 70 өлкөгө түшүндүрүү үчүн иш-чара баштаганын белгилеген.
Гезит 3 университет жана 3 кесиптик бейөкмөт уюмдун биргелеше түзгөн эл аралык платформасы Түркия орган трансплантациясы фондунун жол башчылыгында «International Transplant Network for Developing Countries» долбоорун аткарып жатканын маалымдаган. Анда алгачкы тобу түзүлгөн Орто Азиядан 11 өлкөнүн хирургдары менен Стамбулда өткөрүлгөн жыйналышта, орган алмаштыруунун мааниси, орган багыштоо, илимий жана социалдык жагы жөнүндө маалымат берилди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар