Түрк басма сөзү-16.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

306474
Түрк басма сөзү-16.06.2015

«Йени шафак» гезити «Эң кубанычтуу толкундануу» аттуу макаласында дүйнөдөгү мусулмандар бейшемби күнү баштала турган Рамазан айынын толкундануусун эмитеден жашай башташканын баяндаган.
Гезит Стамбулдагы муниципалитеттер да Рамазан даярдыктарын көп күн мурда бүтүрүп, быйыл да шаардын ар бир бурчунда өзгөчө иш-чаралар уюштурулаарын, Рамазандын руханий климаты чеберчилик жана маданий иш-чаралар менен туу чокуга чыгарылаарын белгилеген. Анда 29 күн бою улана турган концерттер, маектер, салттык оюн шоок көрсөтүүлөрү, маалалардагы ооз ачуу программалары менен коштолоору орун алган.
«Хабер түрк» гезити «Анкарада жакшы жашоо күнүн майрамдоолор» деген макаласында бүткүл дүйнөдө кеңири жайылган жана жакшы жашоо аң-сезимине ээ болууну максаттаган «Global Wellness Day» борбор шаар Анкарада белгиленгенин жазган.
Гезит «Жакшы жашоо күнү» иш-чарасы 5 материкте 71 өлкөдө бир убакта болуп, катышуучулар бир күн бою уланган иш-чарада спорт менен машыгып, дени сак жашоонун сырларын үйрөнгөнүн, жыл сайын июнь айынын экинчи ишембисинде уюштурулган иш-чарада спорт менен машыгуунун, эрте жатуунун, пластмасс шише колдонбоонун, күлүүнүн, жакшылык кылуунун, жакшы тамактануунун жана суу ичүүнүн дени сак жашоонун сырлары болгону баса белгиленгенин маалымдаган.
«Ватан» гезити «Түркия айым жетекчиси жагынан дүйнөдө экинчи орунда турат» деген маалыматында General Sigorta камсыздоо фирмасынын президенти Мине Айдын Айхан, чоң экономикалардын арасына кирүүдө айым жетекчилердин маанилүү ролду милдеттенгенин айтканын белгилеген.
Гезит Айхандын: «Түркияда айым жетекчилер 12 пайыз, б.а. 100 жетекчиден 12си айым. Дүйнөдө эң өнүккөн өлкөлөрдө айым иштегендердин саны Түркиядан алда көп болгонуна карабастан жогорку жетекчи саны Түркиядан абдан артта. Европада болсо иштеген аялдардын саны Түркиядан эки эсе көп. Бирок жогорку деңгээлдеги жетекчи санында Түркия Европадан алда канча алдыда»-дегенин баяндаган.
«Стар» гезитинде жарык көргөн «Түрк адамынын түш картасы» аттуу макалада виртуалдык дүйнөнүн колдонуучуларынын издеген маалыматарына караганда Түркиянын түш картасы белгиленгени жазылган.
Анда издөө мотору Yandex тин 2014-жылдын апрель айынын акырына чейинки 16 айлык убакыт тилимин изилдөөсүндө Түркияда интернет колдонуучулары эң көп «Түштө жылан көрүү» сөз айкалышын издегенин, муну менен катар «Түштө алтын көрүү», «Түштө чычкан көрүү» жана «Түштө ыйлоо» сыяктуу сөз айкалыштары көп колдонулганын, ошондой эле «Түштө ат көрүү», «Түштө чачын кестирүү», «Түштө тиши түшкөнүн көрүү» сыяктуу кызык издөөлөр көп кездешилгени орун алган.
«Сабах» гезити «Сирияда бейтарап аймак тузагы» аттуу макаласында АКШ баштаган коалициялык күчтөр менен террор уюмдары Сириянын түндүгүндөгү Тель-Абяд операциясы менен Түркиянын күчүн азайта турган жылма планды жүргүзүп жатканын баяндаган.
Гезит көчүүгө мажбурланган араб жана түркмөндөрдүн ордуна күрттөр жайгаштырыла турган бейтарап аймак «Коопсуз адамзат аймагы» деп жарыя кылынып, дүйнөгө «Түркиянын учууга тыюу салынган аймак тезиси ишке ашты» түрүндө маалымат жаюуга аракет кылынганын, чындыгында болсо бул аянт күрт мунай заты үчүн «коопсуз өтүү аймагы» ишин аткара турганын маалымдаган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар