Түрк басма сөзү 15.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

304682
Түрк басма сөзү 15.06.2015

«Йени шафак» гезити «Түрк банктарынын чет өлкөдөгү ийгилиги» деген макаласында Түркияда саны 51ге жеткен жана активдүү көлөмү 2,1 триллион лирага жеткен банк сектору чет өлкөдө ишке киришкенин жазган. Түркиядагы банктардын чет өлкөдөгү кеңселеринин саны акыркы 12 жылда 98 пайыз өсүп 81ге жетти. Бул кеңселер менен бирге 5 миллиондон ашуун кишиге кызмат көрсөтүлсө, берилген насыялар 13 миллиард доллар, сактык касса болсо 10 миллиард долларга жетти. Банк секторунун чет өлкөгө ачылуусу, инвестициялардын өсүүсүндө жана соода көлөмүнүн көбөйүшүндө абдан таасирдүү болот.

«Стар» гезити «Адамдын клеткасынан чип өндүрүлдү» деген маалыматында Измирдеги Гедиз университетинде өткөрүлгөн Эл аралык Биосенсор конференциясында сөз сүйлөгөн проф. др Мехмет Дөкмежинин жасалма органдын кызматын кылган чиптерди өндүргөндөрүн айтканын жазган. Дөкмежи: «Бул чиптер дары изилдөөлөрүн адамдын денесинде жүргүзүп жаткан сыяктуу жайынтыктарды алуубузду камсыздайт. Ушундайча жаңы дары-дармек изилдөөлөрү ылдамдап арзандайт жана адамдардын оорулар менен күрүшүүсү жеңилдейт»,-деди.

«Сабах» гезити «Футболдо Европанын салык бейиши Түркия» деген макаласында Европада футболчуларга коюлган салыктар эске алынганда Түркиянын бейиш сыяктуу экенин жазган. Супер лигада форма кийген футболчуларга 15 пайыздык киреше салыгын койгон Түркия Литва менен бирге Европадагы эң аз салык алган экинчи өлкө. Европадагы көптөгөн өлкөдө спортчулар жана кино жылдыздары сыяктуу кирешеси көп топтордон жогорку киреше салыгы алынууда.

«Хабер түрк» гезити «Анкарада ралли жарышы» деген маалыматында Анкарада 2-Классикалык автомобиль раллиси өткөрүлгөнүн билдирген. Жуманын аягында эки күн бою өткөрүлгөн жарышка 1938-1985-жылдардын аралыгында өндүрүлгөн 40тан ашуун унаа катышты. Раллиде биринчи күнү 120, экинчи күнү 140 километр жол басылып өттү. Иш-чарада көп сандаган классикалык унаалар да көрсөтүлдү. Анкаранын көчөлөрүндө айдалган классикалык унаалар чоң кызыгуу жаратты.

«Ватан» гезити «Анталья кум империясы» деген макаласында Антальяда быйыл тогузунчусу өтүп жаткан Эл аралык кум айкелдери фестивалынын каалгаларын ачканын жазган. 9 башка өлкөдөн 22 айкелчи катышып, 10 миң тоннадан ашуун дарыя куму колдонулган фестивалда мифологиялык окуялар жана каармандар менен катар дүйнөдөгү жети керемет көрсөтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар