Түрк басма сөзү 7.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

294764
Түрк басма сөзү 7.06.2015


«Хабер түрк» гезити «Чакан жана орто ишканаларга 56 өлкөдө колдоо көрсөтүлөт» деген маалыматында жалпы 56 өлкөдө 65 миң кызматкери менен «Европанын технология гиганты» наамын алган THALES комапаниясы, Түркияда дагы көп технология өндүрүү жана этикеткасында THALES маркасы жазыла турган түрк товарларын дүйнөлүк базарга сатуу үчүн ишке киришкенин жазган. THALESтин Түркиядагы директору Али Сердар Баран: «Чакан жана орто ишканалар менен кызматташуубузду өнүктүрүүнү каалап жатабыз»,-деди. THALES быйыл тендерге катыша турган Түрксат 5А байланыш спутниги долбоору боюнча да кызматташууну сунуш кылды.

«Йени шафак» гезити «Түрк инвесторго чакыруу» деген макаласында Эгейдин кен байлыктар боюнча экспортчулар биримдигине күтүүсүз сапар жасаган түштүк африкалык ишкерлер аймагында чоң көлөмдө гранит жана темир резервдери табылганын белгилешип, түрк инвесторлорду өлкөсүнө чакыргандарын жазган. Түштүк Африка Республикасынын Экономикалык өнүгүү, финансы жана туризм министри Жон Блок өлкөсүнө келе турган жана кен байлыктарды иштете турган инвесторлорго 25 жыл уруксат берилээрин белгилеп: «Мамлекет катары түрк инвесторлорго керектүү колдоону көрсөтөбүз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «AFADга биринчилик сыйлыгы» деген макаласында БУУнун 193 мүчөсүнүн коомдук уюмдарынын арасында төрт категорияда өткөн жарышта, Түркиянын Апаат жана курч кырдаалды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) эки категорияда биринчиликти алганын билдирген.

«Сабах» гезити «Урлага 2 миң жылдык порт» деген маалыматында Анкара университети, Эгей деңизинин белгилүү эң эски порт шаарларынын бири Измирдин Урла районунда 2 миң жылдык Рим портун ошол эле ордунда кайрадан куруп жатканын билдирген. Портто Рим доорунда колдонулган кемелер жана жертөлөөлөр дал өзүндөй салынат. Маданият жана туризм министрлиги колдоо көрсөткөн долбоор дүйнөдө жаңылык болот. Порт курулуп бүткөндөн кийин туристтер Рим кемелери менен саякатка чыга алышат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар