Түрк басма сөзү 6. 06. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

294018
Түрк басма сөзү 6. 06. 2015

«Хабер түрк» гезити «Түрк агымында алгачкы казуу айдын акырында» деген маалыматында энергетика министри Танер Йылдыз Кара деңиздин астынан өтүп, Фракияга бара турган Түрк агымы жаратылыш газ түтүк жолу проектисинде Газпромдон жолдун координаттары тууралуу маалыматтардын келүүсүнүн күтүлүп жатканын, бул тууралуу уруксаттардын бүткөрүлүүсү жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыкталуусу менен Орусиянын айдын акырына чейин биринчи жолдун курулушун баштата аларын айтты.
«Йени шафак» гезити «Европа Түркияга толугу менен ишенет» деген маалыматында Биржа Стамбулдун 10 пайызына өнөктөш болгон Европа курулуш жана өнүгүү банкынын Түркия директору Жан Патрик Марке бул кадамдын Түркияга чет элдик инвестицияны арттырарын белгиледи. Бул жылы жалпы 1, 75 миллиард евро инвестиция салууну пландаганын айткан Марке : «Экономикабыздын муну менен 3 пайыздык өсүүсүн күтүүдөбүз»,- деди.
«Сабах» гезити «Кытай Түркияда алтын издейт» деген маалыматында Кытайдын дүйнөнүн эң чоң алтын фондун курганы жазылган. 16 миллиард долларлык Жибек Жолу Алтын фонду Түркия, Казакстан, Иран жана Түркмөнстандагы проектилерди ичине алат.
«Миллийет» гезити «Түркия учат» деген маалыматында улуттук учак проектисине баа берген түрк аба жолдорунун директору Темел Котил биринчи этапта чыгарыла турган 50 жаңы жергиликтүү учактын Түркия менен бирдикте ар башка өлкөлөргө да сатыларын айтканын жазган. Котил : «Өндүрүш бүткөндө уча турган бир гана учак болбойт; түрк инсанынын сезимдери да учат. 2019 - жылды ушул себеп менен күтүүдөбүз»,- деди.
«Стар» гезити «Түрк аба жолуна 10 жылда 10 эл аралык сыйлык» деген маалыматында түрк аба жолдорунун учак финансылоочусу тармагында жетишкен эл аралык сыйлыктарга жаңыларын кошуп, акыркы 10 жылда алган сыйлык санын 10го жеткиргенин жазган. Түрк аба жолдорунун берген маалыматына караганда авиация финансылоосунун «Оскары» деп кабыл алынган «Airfinance Journalдын» сыйлык берүү аземинде «Эң жакшы салык калкандуу финансылоочу» жана «Эң жакшы учак моторунун финансылоочусу» сыйлыктарына ылайык көрүлдү.
«Ватан» гезити «Улуттук локомотив 2016 - жылы рельстерде» деген маалыматында билим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык улуттук электрдүү локомотивдин 2016 - жылы рельстерде болорун белгилеп, 2011 – жылы башталган 10 миллион лира бюджеттик проектиде 18 илимпоздун иштегенин жана Түркиянын 1 мегават күчүндө электр локомотивин өндүргөнүн жарыялады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар