Түрк басма сөзү-4.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

293156
Түрк басма сөзү-4.06.2015

«Стар» гезити «Рекорддук деңгээлде катышууну күтүүдөмүн» аттуу маалыматында Бингөлде эл менен жолуккан президент Режеп Таййип Эрдоган жарандарды шайлоого барууга үндөгөнүн маалымдаган.
Гезит Эрдогандын: «Сиздерди улуттук биримдикке чакырамын. Жекшемби күнү рекорддук катышуу күтүүдөмүн. Бул ишке күчтүү түрдө ээ болсоңуз эч ким бизди бөлө албайт»-дегенин баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Түрк агымы үчүн келишим даяр» деген маалыматында орус газын Түркия аркылуу Европага жеткире турган «Түрк агымы» долбоорунда координаттарга байланыштуу даярдыктар аяктап, кол коюу баскычына өткөндөрүн жазган.
Гезит энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз: «Бул Европанын газ муктаждыгын камсыздай турчу долбоорлордун бири. Европа Биримдиги бул долбоордун ишке ашуусун каалап жатса муктаждыгын билдирет. Мындан аркысы Европанын маселеси»-деп келип жеткен жерди билдиргенин баяндаган. Анда министр Йылдыз өзүн эң көп толкунданткан темалардын бири Ирак мунай затынын Түркия аркылуу сатылуусу, Орусия жана Япония менен кол коюлган атомдук станциянын келишимдери, ТАНАП менен Каспийдеги мунай зат аянттарынын алынышы болгонун белгилеп кетти.
«Сабах» гезитинде жарык көргөн «380 миллион киши Түрк аба жолдорунун жарнамасын көрдү» аттуу макалада Дүйнөнүн эң көп жерине каттаган аба жолу фирмасы Түрк аба жолдору, интернетти да багынтканы орун алган.
Гезит Түрк аба жолдорунун жарнама роликтери социалдык бөлүшүү барагы YoutTubeда ушул убакка дейре 380 миллион киши тарабынан көрүлгөнүн, бул болсо дүйнөдөгү 20 кишиден биринин бул жарнаманы көргөндүгүн жана аргентиналык жылдыз футболчу Лионел Месси жана NBAдин эң мыкты баскетбол оюнчуларынан Коби Барайант ойногон жарнама ролиги акыркы 10 жылдын эң жактырылган жарнама ролиги болгонун маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Стамбул Европада үчүнчү, дүйнөдө бешинчи» деген маалыматында 132 шаарды камтыган «2015-жылдагы көздөлгөн шаарлар индексине караганда Стамбул быйыл Европанын эң көп кишини тарткан үчүнчү, дүйнөнүн болсо бешинчи шаары болоорун белгилеген.
Гезит Сингапур жана Нью-Йоркту артка калтыра турган Стамбул өткөн жылы жетинчи орунда болсо, божомолдоолорго караганда быйыл Стамбулга 12 миллион 560 миң киши келиши күтүлгөнүн, Стамбулга келгендердин саны 2015-жылы 11,4 пайыз өсө туганы эсептелгенин маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «Тарыхка урмат-сый чумкуусу» аттуу маалыматында дүйнөлүк сууга чумкуу рекордсмени Шахика Энжүмен жана суу астына чумкугучтары осмондук кемеси «Эртугрул» фрегатынын чөгүшүнүн 125 жылдыгында чумкугандарын белгилеген. Анда уранды аймагына 125-жылга таандык атайын бир пакетти таштагандары орун алган. Маалымдай кетсек, «Эртугрул» фрегаты 1890-жылы 15-сентябрда Япониянын Йокохама портунан чыгып, тайфундун себебинен Кушимотого жакын жерде оодарылып чөккөн. Кырсыкта 531 түрк деңизчиси шейит болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар