Түрк басма сөзү-3.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

292290
Түрк басма сөзү-3.06.2015

«Стар» гезити жергиликтүү автомобилдин баасы ылайыктуу жана атаандашчыл болот» аттуу маалыматында илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышыктын жергиликтүү автомобилдин август айында SUV, джип, седан жана хэтчбек түрүндө 4 прототип өндүрүлө турганын айтканын жазган.
Гезит автомобилдин абдан конфорттуу жана жогорку коопсуздуктуу боло турганын белгилеген Ышыктын, «Түркиянын автомобиль тармагындагы атаандашуу мүмкүнчүлүгүн жакшы баалайбыз, өз сегменттеринде баа жагынан эң ылайыктуу унаалардан болушу үчүн чоң аракетти жумшайбыз»-дегенин жана ошондой эле жергиликтүү автомобилди дагы алыс аралыкка жетүүчү жана электрдүү кылып өндүрө тургандарын айтканын баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Түрк аба жолдору Европа Биримдигине Таром менен кирет» аттуу маалыматында Түрк аба жолдору Румыниянын улуттук аба жолу фирмасы Таромго талапкер болгонун жазган.
Гезит флотунда 23 учагы болгон жана 53 жерге учкан Таромго өнөктөш болуу Түрк аба жолдору үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин, Түркия Европа Биримдигине мүчө болбогондуктан Таромдун 51 пайызына ээ боло албай турганын, бирок бул маселени биринчи Бухаресттин аэропортуна ортоктош болуп ашып өтөөрүн жана андан соң фирманын 49 пайыз акциясын сатып алып, кыйыр түрдө 51 пайызын көзөмөлгө алаарын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Жиддеден Ордуга кычкылтек үчүн учуу» деген маалыматында Түркиянын жана Европанын деңизге салынган алгачкы аэропорту болгон Орду-Гиресун аэропортунун ачылышынан кийин аймакта туризм жандана баштаганын маалымдаган.
Гезит кычкылтек шаары Ордуга Сауд Арабиянын Жидде шаарынан чартердик каттамдардын башталышына чечим чыгарылганын, жай мезгилинде баштала турган чартердик каттамдар менен 50 учак толтура турист Ордуну кыдырыш үчүн келээрин маалымдаган.
«Хүррийет» гезитинде жарык көргөн «Голливуддан Кападокияга каттамдар башталды» аттуу макалада дагы бир Голливуд тобу кино тартуу үчүн Түркияга келүүгө даярданып жатканы орун алган.
Гезит Анка фильми чыгралышына колдоо көрсөтө турган «The Mountains and The Stones» киносун тартуу Кападокияда боло турганы такталганын, режиссерлугун Жозеф Рубен милдеттенген кинодо башкы ролдорду Гера Хильмар, Майкл Хюсман, Жош Хартнетт жана Халук Билгинер бөлүшөөрүн маалымдаган. Анда 650 кишилик кино тобунун аймактын экономикасына жана таанытылышына салым кошуусу күтүлгөнү белгиленген.
«Сабах» гезити «Космостон салам бар» аттуу макалада итальян аял астронавт Саманта Кристофоретти Эл аралык космостук станциядан тарткан Түркиянын фото сүрөтүн твиттер аркылуу өз барагында бөлүшкөнүн белгилеген.
Гезит Кристофореттинин Түркия фото сүрөтүн «Салам Түркия! Өлкөнүн батышынын үстүнөн өткөндөгү кооз көрүнүш» деген жазуу менен жарыялаганын жазган.
Гезит итальян астронавт мындан мурда Стамбул жана Мармара деңизинин көрүнүшүн бөлүшкөн, башка космонавттардан Антон Шкаплеров да жакында эле Стамбулду сүрөткө тартып алганда Босфордогу үчүнчү көпүрө көңүлдөрдү бурганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар