Түрк басма сөзү 1.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

300222
Түрк басма сөзү 1.06.2015


«Сабах» гезити «2015-жылы экспорт 2 миллиард долларга жетет» деген маалыматында Түрк коргонуу өнөр жайы 13 жылда эң жогорку деңгээлде өскөнүн билдирген. Эми танка, учак, чабуул коюучу тик учма сыяктуу аскердик техникалардын жарымынан көбү жергиликтүү өндүрүш. Индонезия, Малайзия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө кызмат кылган түрк фирмалары өндүргөн технологияларын ушул өлкөлөргө сатууда. Пакистандан АКШга чейин кеңири аймакка техника саткан Түрк коргонуу өнөр жайынын келечектеги үч жылдызы болсо «Атак» атындагы тик учма, брондолгон унаалар жана ракеталар болмокчу.

«Йени шафак» гезити «Эң ийгиликтүү 50 ишкер жетекчи» деген макаласында жумуш жана экономика дүйнөсүнүн жаңы журналы «Derin Ekonomi» биринчи санында Ислам өлкөлөрүндөгү эң ийгиликтүү 50 жетекчини жарыялаганын билдирген. Тизмеде түрк фирмаларынан Түрк аба жолдорунун башкы директору Темел Котил, ENKA Соода, экспорт жана импорт фирмасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Мехмет Синан Тара, Коч Холдингдин жетекчиси Тургай Дурак, Йылдыз Холдингдин башкаруу кеңешинин жетекчиси Үлкер да орун алды. Тизмеде SOCARдын жетекчиси Ровнаг Абдуллаев биринчи орунду ээледи.

«Стар» гезити «Жергиликтүү унаа үчүн келишим түздүк» деген маалыматында жергиликтүү автомобиль өндүрүүдө бир канча мөөнөткө созулган демилгечи издөө ишетири аяктаганын жазган. Өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык: «2020-жылга чейин түрк маркасы менен жолго чыгабыз»,- деди. Электр энергиясы менен иштеген жергиликтүү автомобиль эң көп көздөлгөн унаа болмокчу.

«Ватан» гезити «Жаа атуу спорту боюнча мелдештер башталды» деген маалыматында Эл аралык Түркоглу Авасым Салттык түрк оюндары фестивалы Кахраманмараштын Түркоглу районунда башталганын билдирген. 20 өлкөдөн орто эсеп менен 450 спортчунун катышуусунда өтүп жаткан жаа атуу боюнча турнир мелдештер жана ар түрдүү иш-чаралар менен уланып жатат. Фестиваль аркылуу жаштардын салттык спортторго болгон кызыгуусунун арттырылуусу максатталууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар