Түрк басма сөзү 16. 05. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

277087
Түрк басма сөзү 16. 05. 2015

«Йени шафак» гезити «Зулумчулук улантыла албайт» деген маалыматында Иерусалимге барган биринчи дин иштеринин төрагасы болгон Мехмет Гөрмез Месжид - и Аксада кутба бергенин, жума намазын окутканын жазган. Миңдеген мусулманга кайрылган Гөрмез : «Иерусалимдик бир туугандарыбыз учураган бул зулумчулук менен жашоону уланта алышпайт. Түркиядагы бир туугандарыбыздын зулумчулукту соңуна чыгаруу сыяктуу жоопкерчилиги бар»,- деди. Ушул эле гезит «Евразия туннели үчүн экология сыйлыгы» деген макаласында Европа реокнструкция жана өнүгүү банкынын улантууга боло турган ийлгиликтүү проектилерге берген «Эң жакшы экологиялык жана социалдык ишке ашыруу сыйлыгы» бул жылы Евразия туннели проектисине берилгенин жазган. Проект «ээ болгон жогорку стандарттардан» улам сыйлыкка ылайык көрүлдү.
«Стар» гезити «Европанын 28 өлкөсү Түркиячалык боло албады» деген маалыматында 2008 – жылдын акыркы айларында ортого чыккан глобалдык кризис өзгөчө Европада жумузсуздукту жаратса Түркияда тескери бир таблицанын ортого салынганын жазган. Европанын 28 өлкөсүндө жалпы 4.2 миллион болду. Түркия жараткан бул жумуш менен камсыз кылууда араларында АКШ да болгон 34 ОЕСД өлкөсү менен да жалгыз жарышты. Түркияда жумуш менен камсыз кылууну арттырудагы бул абал кризис менен күрөшүп жаткан Европадагы түрктөр үчүн да үмүт болду.
«Хүррийет» гезити «Келли дагы Бодрумга келди» деген макаласында дүйнөгө белгилүү англис топ модель жана телекөрсөтүү алып баруучусу Келлинин Бодрумда эс алып жатканын жазган. Белгилүү жылдыз тарткан сүрөттөрүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.
«Хабер түрк» гезити «Көнүгүү картайып баратканда өмүрдү узартат» деген кабарында жаш кезде иреттүү түрдө көнүгүү жасоо адам өмүрүн узартарын жазган. Норвегиянын Осло университетинин картайган жаштагы 5 миң 700 киши боюнча жасаган иликтөөсүндө жумасына 3 саат көнүгүү жасагандардын активдүү болбогон жашташтарына караганда 5 жыл дагы узун жашаганын көрсөттү. Жумада 1 сааттан аз спорт менен машыккандардын саламаттыгында өзгөрүүнүн болбогону байкалган.
«Миллийет» гезити «УЕФАдан кызмат» деген маалыматында УЕФА түрк судья Хүсейин Гөчек жана Халис Өзкахяны 12 – 14 - июнь күндөрү ойноло турган 2016 Европа футболдук чемпиондугунун тандоо матчтарында судья болорун билдиргенин жазган. Гөкчек жана Өзкахянын кайсы матчтарды башкарары жана жардамчыларынын ким болору кийинчерэээк билдирилет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар