Түрк басма сөзү-14.05.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

274270
Түрк басма сөзү-14.05.2015

«Йени шафак» гезити «Өнөр жайда жаңы максат Африка жана Евразия» аттуу макаласында Түркиянын өнөр жайдагы жаңы жол картасы жарыяланганын жазган.
Гезит төрт жылдык жаңы өнөр жай стратегиясы орто жана жогорку технологиялык товарларда: «Африка жана Евразиянын долбоорлоо жана өндүрүш базасы болуу» түрүндө белгиленгенин баяндаган. Бир тараптан гезит 20 жылдык мөөнөттөн кийин Бажы Биримдигинин жаңылануусу темасында Европаны көндүргөн Түркия, сүйлөшүүлөрдөн үмүттүү экендигин, экономика министри Нихат Зейбекчинин макулдашылган темаларда түзөтүү жасалышынын Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарында бир класс секирик жасай турганын айтканын баяндаган.
«Стар» гезити «Чет өлкөлүктөр тандоосун жасады, түрк базарларына чубай башташты» деген маалыматында экономикада жана саясатта жетилген ырааттуулук, чет өлкөлүк инвесторлордун ишеничине ээ болгонун белгилеген.
Гезит түрк лирасы байлыктарына кызыгууну арттырганын жана чет өлкөлүк капитал кириши менен долларда чукул төмөндөө болсо, биржа 1,23 пайыз жогорулаганын билдирген. Гезит пайыз да үч күндө жарым балл төмөндөгөнүн, экономика министри Нихат Зейбекчинин 10 күн мурдагы жарыясында базарга байланыштуу оң белгилерди бергенин маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Талаа чарба өндүрүшүндө дүйнөдө сегизинчи орундабыз» деген маалыматында талаа чарба министри Мехди Экер Түркиянын 61 миллиард доллардык талаа чарба өндүрүшү менен Европада акыркы 6 жылда төртүнчүлүктөн биринчиликке жогорулаганын сөз кылып, бул көрсөткүч менен дүйнөдө сегизинчи орунда турганын айтканын жазган.
Гезит Экердин банктардын талаа чарбасына колдоо көрсөтүүсүнүн 50 миллиард лирага жеткенин белгилеп, эт өндүрүшүндө да өсүү болгонун, кой өстүрүү кайрадан жанданганын, малдын саны көбөйгөнүн айтканын баяндаган.
«Миллийет» гезитинде жарык көргөн «Европадан Стамбулга велосипед туризми» аттуу макалада Швециядан Болгарияга чейин жеткен велосипед жолунунун Стамбулга жеткирилиши күн тартипте экендигин белгилеген.
Гезит бул долбоор туризмге жандуулук кошот, Стамбул велосипедди сүйүүчүлөр үчүн популярдуу максатка айланып, велосипед менен Стамбулга саякат кылууну каалагандардын санынын көп экендиги көңүлдү бурганын маалымдаган. Анда түрк тарабы долбоорго оң караганы, велосипед туризми аркылуу Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда жаңы көпүрө курула турганы орун алган.
«Сабах» гезити «Африкалык туристке бир күндүк Стамбул тыныгуусу» аттуу маалыматында Туристтик отелчилер, инвесторлор жана иштетүүчүлөр биримдигинин төрагасы Тимур Байындыр, Түрк аба жолдору менен жол тарткан африкалык туристти Стамбулда бир кече жаткыра турган долбоордун үстүндө иштеп жаткандарын айтканын белгилеген.
Анда Байындырдын: «Муну эң кыска убакта аткарабыз»-дегени орун алган. Гезит транзит жүргүнчүлөрдүн бөлмө бааларына оң чагылыша турганын белгилеген Байындырдын, туризм кирешесинин көбөйө турганын айтканын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар