Түрк басма сөзү 8. 05. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

266531
Түрк басма сөзү 8. 05. 2015

«Йени шафак» гезити «Улуттук учак кемеси үчүн кол коюлду» деген маалыматында Түркиянын жергиликтүү технологиясы менен курула турган биринчи улуттук согуштук кемеси үчүн кол коюлганын жазган. 2021 – жылы түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарына кирүүсү пландалган кеме Седеф кеме жасоочу жайы, ХАВЕЛСАН жана АСЕЛСАНдын кызматташтагы менен курулат. 1200 кызматкер менен бирге тик учар согуштук учактар, учкучсуз аба унаалары жана танк ташый турган кемеде толугу менен камсыздалган бир оорукана да болот. 27 миң 436 тонна оордукта жана 231 метрдик кеме логистик жардам албастан 50 күн деңизде кызмат кыла алат.
«Стар» гезити «ХАВЕЛСАН АКШ фирмасын сатып алды» деген маалыматында коргонуу өнөр жайында бир аглгачкынын ишке ашканын жазган. Коргонуу жана информатика технологиялары тармагында иш алып барган ХАВЕЛСАН авиасимулятор фирмасы Quantum3Dни сатып алды. ХАВЕЛСАН сатып алуу процессинин акырында Quantum3Dнин бардык продукция группаларын жана пикирдик укуктарын ала турган жана Сан – Хосе жана Орландодо офис ачат. Сатып алуу ишке ашкандан кийин АКШнын Quantum3D фирмасы өзүнүн марка атын колдонуу менен азыркы учурда иштеп жаткан тажрыйбалуу кызматкерлери менен иш алып барууну улантат.
«Миллийет» гезити «Түрк агымынын клапаны 2016 - жылы ачылат» деген макаласында Орусия менен Түркия «Түрк агымы» жолунан жаратылыш газ өткөрүүнүн 2016 - жылы декабрь айынын башында башталуусу үчүн келишкенин жазган. Орус газын Кара деңиздин астынан Түркияга бул жерден да Европа өлкөлөрүнө жеткире турган 2014 - жылы 1 - декабрда кол коюлган Түрк агымы менен жылда 63 миллиард метр куб газ өткөрүүнү пландап жатат. Мунун 48 миллиард метр кубунун Европага калганынын да Түркиянын ички базарына берилүүсү күтүлүүдө.
«Сабах» гезити «Глобалдык лигада 12 түрк фирмасы» деген маалыматында дүйнөнүн эң чоң 2 миң фирмасынын арасында Түркиядан 12 фирманын киргенин жазган. «Форбес» журналынын «Калкка ачык глобалдык 2000» фирмасынын тизмесинде Түркиядан биринчи орунда Гаранти банкы (449 – орунда), экинчи орунду Коч Холдинг (496 - орунда) алып андан кийин 501 – орунду алган Иш банкы келди. Тизмедеги түрк фирмаларынын обороту жалпы 121 миллиард доллар болуп ишке ашты.
«Хабер түрк» гезити «14 өлкөдөн 500 университет жолугушат» деген маалыматында Богазичи университетинде өткөрүлгөн 35 - Sports Festтин бүгүн башталарын жазган. 11 – майга чейин улантыла турган жана 14 өлкөдөн 500 университеттин спортсмендери катыша турган фестивалда спортсмендер 11 тармакта жарышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар