Түрк басма сөзү 1. 05. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

257998
Түрк басма сөзү  1. 05. 2015

«Йени шафак» гезити «НАТОдон Түркия билдирүүсү» деген маалыматында НАТО Европа союздаш күчтөрүнүн жогорку командири америкалык генерал Филипп Бридлав Европа менен Жакынкы Чыгыштын ортосундагы чет элдик согушчул агымынын бардык Европанын маселеси экенин белгилеп : «Бул маселе союздашыбыз Түркия түздөн түз бетме – бет келген бир маселе, себеби аймактагы окуялар Түркиянын чегинде болууда»,- дегенин белгилеген. Айрыкча аймактагы окуялардын Түркияга өтүү ыктымалы жана өлкөдөгү 1, 6 миллиондон ашуун качкындын болушу Түркияны түздөн түз таасирленткен көптөгөн фактор сөз боло аларын айтканын жазган.
«Ватан» гезити «ИШИМ жолунда 384 кармоо» деген маалыматында Стамбул террор менен күрөшүү жана чалгындоо директорлугунун топтору ИШИМге кошулууга бөгөт болуу үчүн 1 жыл мурда Ататүрк жана Сабиха Гөкчен аэропорту жана Стамбул автовокзалында «Иликтөө» бөлмөлөрүн курганын жазган. Полициялар ИШИМге кошулуулардын негизинде көргөн шектүү кишилерди аэропортто сүйлөшүү бөлмөсүнө алып, суроолор берилет. Ушул кезге чейин шектүү деп көрүлгөн 1968 кишиден 384 киши өлкөсүнө тапшырылды.
«Сабах» гезити «Best Westernдин аймактык борбору Түркия болду» деген маалыматында азык – түлүктөн баштап телекоммуникациядан траспортко чейин бир топ эл аралык фирма Түркияны аймактык база деп жарыялап жатканын жазган. Өткөн жылы 36 миллион турист келген Түркия 4 миңден ашуун мейманкана болгон жана дүйнөнүн эң негизги мейманкана чынжырларынан болгон АКШлык Best Western Internationalдын аймактын борбору болду. Жакынкы Чыгышта жаңы ачыла турган мейманканалар менен бирге фирманын саясаты да Стамбулда белгиленет.
«Стар» гезити «Түркия саламаттык туризминде биринчи 10 өлкөнүн арасында» деген маалыматында дүйнө туризмине багыт берген лидерлер Дүйнөлүк туризм форумунун негизинде Стамбулда жолугушуп сектор тууралуу сүйлөшүлгөнүн жазган. Дүйнөдө саламаттык туризми ылдам өнүккөнү белгиленген жыйында Түркиянын да саламаттык туризминде дүйнөнүн биринчи 10 өлкөсүнүн ортосунда орун алганы белгиленди. Өткөн жылы 450 миң чет элдик оорулуу дарылануу үчүн Түркияны тандашты. Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Эйүп Гүмүш саламаттык сактоо туризминин термал, медициналык жана кары – картаңдарды кароо борбору болуу үчүн 3 жактан бириккенин айтты.
«Хабер түрк» гезити «Лейн Камамиян 15 - майда Стамбулда» деген маалыматында сириялык ырчы Лейн Камамиян 15 - майда Стамбул конгресс борборунда бир концерт берерин жазган. Камамиян чыгыш классикалык музыка менен заманбап дүйнөлүк музыканын ортосунда курган көпүрө менен музыка чөйрөлөрү тарабынан этникалык джаздын сыйкырдуу үнү жана Жакынкы Чыгыштын өз стилин жараткан бир канча аял санатчынын бири катары көрүлүүдө.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар