Түрк басма сөзү 27.04.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

251592
Түрк басма сөзү 27.04.2015


«Стар» гезити «Кувейт капиталына Түркия чакырыгы» деген маалыматында президент Эрдоган Кувейт сапарынын алдында: «Коргоо өнөр жайы жана технология тармагында Кувейт менен маалымат жана тажрыйба бөлүшө алабыз»,- дегенин жазган. Эрдоган сапарында Кувейт капиталын Түркияга тартуу темасын сүйлөшө тургандарын айтты. Эрдоган айрыкча түрк курулуш фирмаларынын Кувейтте иш жүргүзүүсү темасын да карай тургандарын белгиледи.

«Хүррүйет» гезити «Жаңы жибек жолу үчүн Түркия чечүүчү болот» деген макаласында Кытайдын «Бир тилке- бир жол» стратегиялык планы боюнча жаңы жибек жолу долбоору ишке ашып жатканын билдирген. Кытай элчиси Ю. Хунян: «Жаңы Жибек жолу долбоорунда көп сандаган жол бар. Бирок ар бир жол кайсы жерден өткө дагы сөзсүз Түркиядан өтөт»,-деди. Жаңы Жибек жолу долбоорунун Түркияга чейин созулган багытындагы бардык өлкөлөргө оң таасирин тийгизээри жана бул өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну арттыра турганы баяндалууда. Эки миң жыл мурда түзүлгөн Жибек жолу Кытайдан башталып Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия, Греция аркылуу Римге жетет.

«Йени шафак» гезити «Технологиялык экспорт алдыңкы планга чыкты» деген макаласында акыркы жылдарда изилдеп-өнүктүрүү иш-чараларына берилген маани жана шыктандыруучу иштердин негизинде технологиялык товарлардын экспортунда өсүү болгонун жазган. Түркиянын акыркы мезгилдеги экспортунда жогорку технологиялык товарлар биринчи орунду ээледи. 2001-2014-жылдардын аралыгында эң көп экспорт жасаган алгачкы 10 сектордо автомобиль менен технологиянын үлүшү алдыңкы планга чыкты.

«Сабах» гезити «Акасия Ажыбадем Европадагы эң мыкты соода борбору» деген макаласында Акасия Ажыбадем соода борбору Европанын эң мыкты соода борбору болуп тандалды. Сыйлыкты алган башкы директор Зейнеп Акдилли Орал: «Бул сыйлык кыймылсыз мүлк жана жеке соода секторунда фирмабыздын эл аралык тармакта таанылышына пайдалуу болгону сыяктуу Түркия менен Стамбул үчүн да чоң мүмкүнчүлүк. Бул сыйлык чет элдик инвесторлор үчүн Түркиянын ишенимдүү инвестиция борбору экенин көрсөтүүдө»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар