Түрк басма сөзү 10. 04. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

233233
Түрк басма сөзү 10. 04. 2015

«Хабер түрк» гезити «Финансылык көрсөткүчтөрүбүз Европа Биримдиги мүчөлөрүнөн дагы жакшы» деген маалыматында Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Түркия – Европа Биримдиги менен биргелешкен кеңешүү комитетинин жыйынында сөз сүйлөгөн Европа Биримдиги министри Волкан Бозкыр кошулуу сүйлөшүүлөрүндө саясий бөгөттөрдөн улам акыркы 4 жылда бир гана теманын ачылганына карабастан Анкаранын реформа процессин чечкиндүүлүк менен улантканын баса белгилегенин жазган. Бозкыр саясий бөгөттөр жоюла турган болсо 34 темадан 28зин ачууга жана 14түн жабууга даяр экендерин жана 2 жылда бардык темаларда сүйлөшүүлөрдү бүтүрө алышарын айтты. Бозкыр : «Түркия катары финансылык көрсөткүчтөрүбүз 22 Европа Биримдиги мүчөсүнөн дагы жакшы абалда»,- деди.
«Йени шафак» гезити «ТАНАПка абдан чоң кызыгуу» деген маалыматында кылымдын проектиси ТАНАПка болгон кызыгуунун өсүп баратканын жазган. Азербайжан, Түркия жана англис фирмасы BP акция ээси болгон проектиге Иран менен бирге башка өлкөлөрдүн да өнөктөш болуу үчүн кайрылган. Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз соода шарттарынын түзүлүшү менен Ирандын ТАНАП жаратылыш газ жолунан үлүш алуусунун мүмкүн экенин айтты. Каспийдеги газды Европага алып бара турган ТАНАП 2018 - жылы ишке кирет.
«Стар» гезити «Түркияга 100 метр эмес маратон үчүн келдик» деген маалыматында Түркия базарына эки жыл мурда кирген борбору Кувейт болгон Бурган банк Түркиядагы иштерин арттырууну максат кылып жатканын жазган. Бурган банктын Түркиядагы баш директору Мурат Динч азыркы учурда 59 филиалга жетишкендерин жана 5 жылдын ичинде 100 филиалдуу банк болууну максат кылышкандарын белгилеп : «100 метр эмес, Түркияга маратон үчүн келдик»,- деди. Динч кардарлардын үч чоң банкынын бири болуу каалашкандарын баса белгиледи.
«Миллийет» гезити «Түрк профессор Италияда илимий кеңешчи болот» деген маалыматында Жакынкы Чыгыш университетинин Center Of Excellence төрагасы профессор доктор Недим Серакынжынын Италиянын саламаттык сактоо министрлиги тарабынан илимий кеңешчи милдетин аткаруу үчүн чакырылганын жазган. Чакырууну кабыл алганы белгиленген Серакынжы клиникалык жана биомедикалык иликтөөлөр тармагында жалпы Италиядагы саламаттык саясатын түзөт жана багыт бере турган илимпоздордон турган кеңешчилер коомунун мүчөсү болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар