Түрк басма сөзү-7.04.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

229837
Түрк басма сөзү-7.04.2015

«Стар» гезити «Экономиканын жүрөгү Евразия экономика саммити» аттуу макаласында Стамбулда 8-9-апрель күндөрүндө Евразия Экономика саммитинин жыйыны өтө турганын жазган.
Гезит көп сандаган өлкө катыша турган саммитте финансы, телекоммуникация, информатика, энергетика, транспорт жана тылдык темалар каралаарын баяндаган. Саммитке Азербайжандын өнөр жай жана энергетика министри Атык Алиев, Афганстандын экономика министри Хукум Кхан Хабиби, Черногориянын президенти Филип Вуянович, Черногриянын премьер-министринин орун басары Вужика Лазович, Македониянын президенти Г.Иванов, патриарх Варфоломей жана ар кайсы өлкөлөрдөн 13 мурдагы президенттер катышат.
«Сабах» гезити «Түркия күнөстүү өлкө» аттуу макаласында ар бир талаа өз электр энегиясын өндүрө турганын жазып чыккан.
Гезит күндүн энегиясы темасында абдан жакшы абалда болгон Түркиянын орто эсеп менен жылына күн тийүү убагы 2 миң 640 саат, күнүгө болсо 7,2 саат болоорун маалымдаган. Анда өндүрүштө технология колдонууга маани берген дыйкандар талаа аянттарына курган күн панелдери менен электр энергиясын өндүрүп, эки жылда өзүн актаган инвестицияга шыктандыруу да жолдо экени маалымдалган.
«Ватан» гезити «Эко-66, 27 өлкөнүн күйүүчү отун талаптоосун азайтат» деген макаласында түрк инвестору Талат Моллаоглу өнүктүрүп чыккан «Эко-66 энергетика үнөмдөө аппаратын 27 өлкөгө сатканын жарыялады. Аппарат LPG (суюлтулган газ), бензин жана дизел менен иштеген бардык аппараттардын күйүүчү майында үнөмдөөнү камсыздай турганы белгиленген.
Гезит жогорку бензин баалары жана жүз миңдеген унаа жолдо жүргөн учурубузда автомобиль, трактор, жүк ташуучу унаа, жумуш машиналары, поезд, деңиз унаалары, ал эмес учактарда да колдонулган Эко-66нын нотариустун карамагында жасалган сыноолордо 20 пайыздан көп күйүүчү май үнөмдөөнү камсыздаганы тастыкталганын баяндаган.
«Йени шафак» гезитинде жарык көргөн «Бардык жагы менен Кожа Синан» аттуу макалада бардык убактардын эң маанилүү архитекторлорунан Мимар Синандын жашоосу жана жасагандары дүйнөдөн кайтышынын 427-жылында ушул убакка дейре жасалган эң кеңири көргөзмө менен эскерилүүдө экени орун алган.
Гезит Кожа Синандын чыгармалары video mapping 3D анимация сыяктуу ыкмалар менен жандандырылып, мулти технологиялык көргөзмө “Мимар Синан” атындагы көркөм өнөр университетинде ачылаарын жазган.
«Хабер түрк» гезити «Эң кооз көрүнүш үчүн жарышышты» деген маалыматында Измирдин куш бейишинин таанылышы максаты менен быйыл алгач ирет уюштурулган «1-Улуттук Фото сафари жана фотосүрөт сынагы» көп сандаган табият фотосүрөтчүсүн Измирде жолуктурганын белгилеген. Анда Куш бейишинин табигый чөйрөсүнө ылайыктуу кийим жана шаймандар менен өздөрүн жаап алган фотосүрөтчүлөр, аймакта жашаган жапайы айбанаттарды табигый чөйрөдө үч күн бою сүрөткө тартышканы жана катышуучулардын фотосүрөттөрүнөн даражага киргендер 29-апрелде жарыялана турганы маалымдалган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар