Түрк басма сөзү-5.04.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

226518
Түрк басма сөзү-5.04.2015

«Йени шафак» гезити «Сейсмикалык кемеден кийин кезекте бургулоо кемеси» деген макаласында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыздын Түркиянын инженердик деңгээлинин барган сайын өнүккөнүн белгилеп: «Тукуаздан кийинки максат Түркиянын бургулоо кемеси, бургулоо платформасына ээ болушу»,- дегенин жазган.
Гезит Йылдыздын жергиликтүү бургулоо кемесинин өндүрүлүүсү үчүн керектүү инженердик маалыматка жана технологияга эгедер экендиктерин айтканын баяндаган. Анда Йылдыз октябрь айында деңизге кире турган алгачкы жергиликтүү сейсмикалык кеме «Туркуаздын» кен байлык издөө иштеринде жана деңиздин астындагы жашоону иликтөө үчүн колдонула турганын белгилеген.
«Миллийет» гезити «Түштүк Чыгыш Анадолу долбоору» деген макаласында премьер-министр Ахмет Давутоглу тарабынан жарыяланган Түштүк Чыгыш Анадолу долбоору кыймыл планынын алкагында диний туризмге басымдуулук кылына турганы билдирилген. Анда аймактын туризминин жандантылышы максатталып, салына турган Ассирия чиркөөсү менен 300 миң ассириялыктын аймакка келиши күтүлгөнү маалымдалган. Түштүк Чыгыш Анадолу аймагында орун алган «Хах» чиркөөсү, «Мор Эвгин» монастыры жана «Мор Кирьякус» монастыры рестоврация кылынып кыдырууга ачылуусу пландалууда.
«Ватан» гезити «Туризм Стамбулда талкууланат» деген макаласында «World Tourism форумунун дүйнөлүк туризмге багыт берген лидерлерди Стамбулда жолугуштура турганын билдирген. Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен Түркияда алгач ирет өтө турган форумда Европа, Орусия, Түрк тилдүү мамлекеттер жана Булуң өлкөлөрүнөн катышуучулар туризм тармагынын келечегин талкуулашат.
«Хабер түрк» гезити «Тери сектору келечегин Ыраакы Чыгыштан издөөдө» деген макаласында түрк тери сектору Стамбул Тери жана тери продукцияларын экспорттоочулар биримдигинин жетекчилигинде Ыраакы Чыгыштын эң чоң тери жарманкеси болгон Гонконктогу Азия-Тынч океан тери жарманкесине катышып келгенин жазган. Жарманкеде Түркиядан 50 фирма орун алды. Акыркы 6 жылда Түркиядан Кытайга тери жана тери продукцияларынын экспорту 5 эсе көбөйдү. Кытай Түркиядан 2014-жылы 91,6 миллион доллардык тери, тери товарларын жана бут кийим импорттоп, 23 пайыз жогорулоо көрсөткөн.
«Хүррийет» гезити «Түрк табылгасы укмуш крем» аттуу макаласында көз оорулары боюнча адис др. Мурат Калайоглунун АКШда өндүргөн креми медицинада жана эстетикада төңкөрүш жаратаарын белгилеген.
Гезит Калайоглу жана анын тобу, Гарвард университетинде жүргүзгөн изилдөөдө өндүрүп чыгарган жаңы формула менен эки дары өнүктүргөнүн, алардан бири май клеткасын эритет, экинчиси болсо майды көбөйтүп колдорду жана жүздү жашартаарын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар