Түрк басма сөзү 2.04.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

221958
Түрк басма сөзү 2.04.2015


«Йени шафак» гезити «Инвестициядан көп киреше таптык» деген макаласында дүйнөдө 150дөн ашуун фирма менен өнөктөш болгон жана инвестицияларынын наркы 36 миллиард долларга жеткен бахрейндик компания Investcorp Түркияга жасаган инвестицияларда көп киреше тапканын жазган. Investcorpтун Булуң өлкөлөрүндөгү төрагасы Аль-Шруги Түрк-Араб форумундагы сөз сүйлөөсүндө, бул фирманын Түркиядагы инвестициясын мактады. Аль-Шруги Түркияга 500 миллион доллардык инвестиция жасадык. Инвестициялардын кирешеси 5 миллиард долларга жетти. Түркиядагы иштерибизге абдан ыраазыбыз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «125 миллиарддык жолугушуу» деген макаласында 2015-жылдын сентябрында жаңылана турган колдонуу келишимдеринин алдында мунай зат жана күйүүчү май сектору бүгүн Petroleum Стамбул жарманкесинде жолугуша турганын билдирген. 5-апрелге чейин созула турган жарманкеде көптөгөн компания орун алат. Жергиликтүү жана чет элдик 400дөн ашуун фирма катыша турган жарманкени 50 миңге жакын кишинин кыдырышы күтүлүүдө.

«Ватан» гезити «Чучуктун үлгүсүн сактоочу борбор тейлөөсүн баштады» деген макаласында Саламаттык сактоо министрлиги жана Түрк Кызылайынын кызматташтыгында жүргүзүлгөн Түркиянын Улуттук Чучуктун үлгүсүн сактоочу борбору кызмат көрсөтө баштаганын жазган. Бул борбор жашоо үчүн күрөшкөндөргө үмүт болот.

«Миллийет» гезити «Англиялыктар эстетика үчүн Түркияны тандашууда» деген макаласында Англиядагы Улуттук статистика кеңсеси англичандар эстетикалык операция үчүн эң көп барган өлкөлөрдүн бири Түркия экенин маалымдаганын жазган. Өзгөчө чачты көчүрүү, лазер менен дарылануу жана ашыкча майларды алдыруу үчүн Түркиянын тандалганы белгиленсе, акыркы 10 жылда чет өлкөдө жасалган операциядардын саны 2 эсе көбөйгөнү сөз кылынды.

«Стар» гезити «Ишемби күнү ай тутулат» деген макаласында дүйнөнүн эки жума мурда күн тутулуп анын чагылыштарын сүйлөшүп жатканда жаңы жарытылыш кубулушуна күбө болоорун билдирген. Ишемби күнү боло турган Айдын тутулушу 5 мүнөттөн дагы аз убакытка созулат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар