Түрк басма сөзү-1.04.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

291228
Түрк басма сөзү-1.04.2015

«Стар» гезити «Президенттик үчүн 400 эл өкүлү же референдум» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын Словакиянын борбор шаары Братиславада түрк жарандарына кайрылып, «Эми Түркия өзгөрүүдө, алмашууда. Ушул убакта биздин кийген көйнөгүбүз тар келип калды. Бул дене эми бул көйнөккө батпайт. Бизге мындан ары жарашкыдай көйнөк, жаңы башкаруу түзүлүштөрү керек, ал да президенттик башкаруу. Өкмөт да бул темага карай кадам таштады. Бирок бул жерде бир нерсе бар. Эки баштуулук. Бул маселени 400 эл өкүлү менен парламентте чечебиз же болбосо референдум өткөрүбүз»-деп айтканын баяндаган.
«2014-жылы 2,9 пайыз өстүк» деген финансы министри Мехмет Шимшектин сөзүн тема кылып берген «Йени шафак» гезити, анын Түркиянын 2,9 пайыз өсүүсү менен глобалдык тизмелөөдө жогорку катарларда орун алганын айтканын билдирген.
Гезит Шимшектин терс коньюктурага карабастан экономиканын өткөн жылы да өсүүсүн улантканын айтканын баяндаган.
Гезит анда 2,9 пайыз өсүү менен Латын Америка, Европа жана өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдөн озуп өткөн Түркия, ушундайча 21 чейректен бери үзгүлтүккө учурай электигин, өсүү ылдамдыгы 11 пайызга жеткенин, киши башына түшкөн улуттук кирешенин 22 миң 753 лирага жеткенин, экономикалык чоңдук 1 трилион 750 миллиард лирага жогорулаганын маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «Биржа Стамбулда Улуссевер мезгили» аттуу маалыматында Биржа Стамбулдун башкаруу кеңешинин жаңы төрагасы Талат Улуссевер болгонун билдирген. Гезит Улуссевердин кечээ болгон Кезектеги экинчи жалпы кеңеште 2018-жылдын 31-мартына чейин кызмат кылышы үчүн бул кызматка шайланганын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «3 министрлик үйдө кызмат берет» аттуу макаласында Саламаттык сактоо министрлиги, Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министрлиги менен Ички иштер министрлиги үйдө саламаттык сактоо кызматы протоколуна кол коюшканын маалымдаган.
Анда үйдө саламаттык сактоо кызматынан пайдаланган муктаждыгы болгондор, бир гана кайрылуу менен ар башка мекемелер сунуштаган социалдык жардамдан да пайдалана алаары, бул алкакка кирген оорулууларга, жеке кароо, үй жана чөйрө тазалыгы, оңдоо, тамак жасоо жана материалдык жардам берилээри маалымдалган.
«Миллийет» гезити «Зейнеп 9 рекордго жетишти» деген маалыматында улуттук сууда сүзүү боюнча чебер Зейнеп Гүнештин Испаниянын Open сууда сүзүү чемпиондугунда 9 жаңы Түркия рекордуна жетишип, 2 олимпиада «А» чегинен ашып өтө алганын маалымдаган. Гезит Гүнештин 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медалга ээ болгонун белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар