Түрк басма сөзү 23.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

277577
Түрк басма сөзү 23.03.2015


«Йени шафак» гезити «Саваронага тышкы кызмат» деген макаласында Ататүрктүн яхтасы Саваронанын президент Эрдоганды айрым чет өлкөгө сапарлары убагында коштоп жүрөөрүн жазган. Эрдоган ушундайча чет өлкөгө барганда дүйнөлүк лидерлерди деңиздин үстүндөгү сарайда тосуп алат. Туризм жана маданият министри Өмер Челик тарыхый кеменин бул кызматы үчүн даярдык көрүп жатканын айтып: «Президентибиз же премьер-министрибиз башка өлкөгө барганда кесиптештерине түрк жергесинде тамак берген болот»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Армения жамаатынан Чанаккале шейиттерине дуба» деген макаласында Стамбулдун Йешилкөй районундагы армяндардын чиркөөсүндө Чанаккаледе шейит болгондор үчүн биринчи жолу дуба кылынганын жазган. Түркиядагы армян патриархынын милдетин аткаруучу Арам Атешьян: «Чанаккаледе мындан 100 жыл мурда шейит болгон ар ким үчүн дубаларыбыз кабыл болсун»,- деди.

«Миллийет» гезити «Ойлоп табуучулар шыктандырылат» деген макаласында каржы министри Мехмет Шимшек ар бир тармакта изилдеп-өнүктүрүү жана жаңылоо менен программа иштерин жүргүзгөндөргө колдоо көрсөтүп жаткандарын айтканын билдирген. Мехмет Шимшек бул иш-чаралардын абдан маанилүү экенин баса белгилеп, жасалбаганды жасагандарга жана жогорку кошумча нарктуу экономикага өтүүнү ылдамдаткандарга колдоо көрсөтүүнү улана турганын сөз кылды.

«Стар» гезити «Эки ири мунай гиганты Карадеңизге келет» деген макаласында малайзиялык Петронастан кийин дүйнөдөгү дагы эки ири гиганттын Карадеңизде мунай зат издей турганын жазган. Австралиялык OMV компаниясы Түркияга келүү үчүн күн санап жатса АКШлык Exxon компаниясы да Шеллдин изилдөө жыйынтыктарынан кийин ишке киришет.
Бир тараптан энергетикада Түркиянын газга көз карандылыгын азайта турган маанилүү кадам ташталды. Гелиболуда өндүрүлгөн жаратылыш газы негизги куурга байланыштырылат. Гелиболудагы аянтта 600 миллион куб метр газ бар экени аныкталды.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар