Түрк басма сөзү-19.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

272839
Түрк басма сөзү-19.03.2015

«Йени шафак» гезити «TANAP Европанын кызыгуусун тартты» аттуу макаласында Республика тарыхынын эң чоң жаратылыш газ түтүк жолу долбоорунун пайдубалдары түптөлгөн ТАNAP (Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу) эмитеден Европа Биримдигинин кызыгуусун тартканын баяндаган.
Гезит Европа Биримдиги «Жогорку деңгээлдеги энергетика диалогу» үчүн Түркиянын каалгасын черткенин белгилеген. Анда ЕБ комиссиясы Түркиянын табигый бир энергетика көпүрөсү жана борбору болгонун расмий түрдө декларация кылганын маалымдап, ЕБ комиссиясынын төрага орун басары Марос Сефжович: «ТАНАП жана Түштүк Газ коридору долбоорлору менен Европанын муктаждыгы болгон газ, коопсуз түрдө ташылат. Бул долбоор абдан маанилүү жана Европа Биримдиги үчүн абдан орчундуу»-дегенин жазган.
«Стар» гезити «Биржа Стамбулдан эки толкундантуучу өнөктөштүк» аттуу макаласында Биржа Стамбул Лондон Метал Биржасынын (LME) бартер мекемеси LCH. Clearnetтеги үлүшүн сатып алаарын жазган.
Гезит Биржа Стамбул айрыкча LME жана LMEнын негизги фирмасы Гонконг биржа жана барттердик соода фирмасы (Hong Kong Exchanges and Clearing-HKEx) менен базар көрсөткүчтөрүнүн таркатылышы темасында өнөктөш болоорун баяндаган. Гезит келишимдердин алкагында эки биржа, темир-болот базарына карай жаңы товар жана тейлөөнү өнүктүрүү иштерин бирге жүргүзөөрүн маалымдаган.
«Миллийет» гезитинде жарык көргөн «Орусиядан турист алып келгенге 100 миллион түрк лирасындай насыя!» аттуу макалада маданият жана туризм министри Өмер Челиктин Түркияга эң көп турист жиберген экинчи өлкө болгон Орусияда 2015 сезону дээрлик формаланган MITT-2015 саякат жана туризм жарманкесине катышканын баяндаган.
Гезит Челиктин, «Орусиядан 400 миң жана андан көп турист алып келген тур операторлоруна 100 миллион лирага чейин насыя колдоосун көрсөтүү сөз болот. Айрыкча Орусиядан өлкөбүзгө турист алып келген тур операторлорунун учактарына, ар бир учак үчүн 6 миң доллар күйүүчү отун колдоосун көрсөтөбүз»-дегенин баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Өзөктүк клеткадан орган өндүрүлөт» деген макаласында Анкара университети Баглыжада эки миң дөнүмдүк аянтта саламаттык сактоо шаарчасын кура турганын жазган.
Гезит дүйнөнүн маанилүү борборлорунан бири боло турган шаарчада өзөктүк клеткадан орган өндүрүлүшү макатталганын белгилеген. Анда Анкара университетинин ректору проф.др.Эркан Ибиштин: «Өзөктүк клетка иш-чаралары менен эл аралык адабиятка кирүүнү максаттап жатабыз. Ракты аныктоо жана дарылоо максаттуу иштери өнүккөн технололгиялар колдонулуп аткарылат. Ооруканабыз эл аралык тармакта саламаттык сактоо, билим берүү, изилдөө жана ишке ашыруу базасы болот»-дегенин баяндаган.
«Сабах» гезити «Көк асмандагы кубулуш» аттуу макаласында 2015-жылдын эң маанилүү асмандагы окуяларынан Күндүн тутулушу эртең күн менен түн теңелген убакка туура келээрин билдирген.
Гезит Түркиядан аз көрүнө турган күн тутулуу саат 9:40та башталып 13:50гө чейин уланаарын белгилеген. Гезит Түндүк Европада толук күн тутулаарын, Түркияда болсо ай, күндүн бетинин 40 пайызын жапкан абалда көрүнөөрүн маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар