Түрк басма сөзү-18.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

271123
Түрк басма сөзү-18.03.2015

«Хабер түрк» гезити «Асад менен кол алышуу, Гитлер менен кол алышкандай эле» деп айткан премьер-министр Ахмет Давутоглу Сирия саясатында өзгөрүү жана Асад менен сүйлөшүү белгисин берген АКШ менен Европага катуу сөз айтканын жазган.
Гезит Давутоглунун: «Асад менен кол алышсаңыз, ал кол тарых сахнасынан өчпөйт. Асад менен кол алышуу, Гитлер, Милосевич же Саддам менен кол алышкандай эле болот. Асад менен кол алышууну ойлогондор, мындан кийин Жакынкы Чыгышка жанаша турган ар түрдүү зулумдуктун күнөөсүн ийининде ташыйт»-деп айтканын баяндаган.
«Стар» гезити «Энергетиканын актерлору Түркияда орун алышууда» деген макаласында Европанын экинчи, өз аймагынын эң чоң энергетика жана чөйрө жарманкеси болгон ICCI 2015 үчүн күн саноо башталганын белгилеген.
Гезит 6-8-май күндөрүнүн арасында Стамбулдун жарманке борбору Йешилкөйдө боло турган ICCI 2015 Эл аралык энергетика жана экология жарманкесинин жыйырма биринчисине 450 жергиликтүү жана чет өлкөлүк фирманын ээлери катышат.
Гезит жарманке АКШ,Кытай, Дания, Түштүк Корея жана Индия да арасында болгон көп сандаган өлкөдөн фирманы түрк энергетика секторунун чечим чыгаруучулары менен жолуктураарын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Франция мусулмандардын интернет барактарын жаптырууда» деген маалыматында ар бир мүмкүнчүлүктө сөз эркиндигинен кеп кылган батыш дүйнөсү өз коопсуздугу үчүн чек билбей жатканын билдирген.
Гезит бир топ өлкө удаама-удаа анти-террор мыйзамдарынын астында мусулмандардын эң негизги укук жана эркиндиктерин чектегенин баяндаган.
Гезит эркиндиктерге согуш жарыялаган өлкөлөрдүн кербенине Франция дагы кошулуп, террор менен күрөшүүнүн алкагагында бир топ мусулман веб барактарын жапканын маалымдаган.
«Ватан» гезити «Түркия, АКШнын борбордук банкы FEDдин сабырын сынап көрдү» деген макаласында бүткүл дүйнө АКШнын борбордук банкы FEDден келе турган жарыяга үңүлгөнүн белгилеген. Анда FED жыйынынан кийин «сабырдуулук керек» деген сөз тексттен чыгарылса АКШда пайыздар акырыныдк менен жогорулайт деген түшүнүктү бере турганын жазган.
Гезит анда АКШда пайыздардын жогорулоосу доллардын мекенине кайра кайтышы дегенди берет, доллар жетишсиздиги Түркияга да таасир тийгизе турганын билген Түркиянын борбордук банкы, пайыз төмөндөтүп авантюрага кирбегенин баяндаган.
«Сабах» гезити «Турак жайда ички талап жанданат» деген макаласында эл аралык насыя рейтингине баа берүүчү мекеме ‘Standard & Poor’s’ жарыялаган отчетунда Түркияда турак жай секторунда ички талаптын 2015-жылы ылдамдай турганын божомолдогонун маалымдаган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар