Түрк басма сөзү 3.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

245764
Түрк басма сөзү 3.03.2015


«Хабер түрк» гезити «Сирия макулдашуусу» деген макаласында Сауд Арабияга барган президент Режеп Таййип Эрдогандын король Аль Сауд менен жолугушуусунда, Сирияда оппозициячылдарга көрсөтүлгөн колдоонун натыйжалуу жыйынтык алуу максатында арттырылуусу темасында бирдей пикирге келгендерин жазган.

Сүйлөшүүлөрдө Сирия менен катар Ирак, Йемен, Палестина жана Египеттеги кырдаалдар каралды. Секталык кыймылдардын аймакка терс таасирин тийгизээрине көңүл бурулду. Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык, коопсуздук жана коргонуу тармагындагы кызматташтыкты күчтөндүүгө токтолушту.

«Миллийет» гезити «Батыш Фракиядагы түрк азчылык тең атуулдук талап кылууда» деген макаласында Батыш Фракиядагы түрктөрдүн тилектештик коомунун төрагасы Танер Мустафаоглу Грециянын Стамбулдагы башкы консулу Николас Матхиодакис менен жолугушуп жазган катын премьер-министр Алексис Ципраска берип коюшун өтүнгөнүн жазган. Мустафаоглу катка: «Батыш Фракиядагы түрк азчылыгы Грециянын бир бөлүгү катары сизден оң мамиле күтөт. Коомубуздун тең атуулдук талап кылгандан башка максаты жок»,-деп жазган.

«Йени шафак» гезити «Энергетика өндүрүүдө өнүккөн өлкөлөрдү оозуп чыктык» деген макаласында 2015-жылдын отчетуна караганда Түркия көптөгөн өнүккөн өлкөнү артка калтырганын билдирген. Европа Биримдиги жана OECD өлкөлөрүнөн дагы мыкты ийгилик көрсөткөн Түркия 24-орунду ээледи. 

«Стар» гезити «Кааланбаган адам Нетаньяху бүгүн Конгрессте» деген макаласында Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху АКШ башкаруучулугунун бардык каршы чыгууларына карабастан АКШ Конгрессинде бүгүн сөз сүйлөй турганын жазган. Нетаньяхунун көөшөрүшү Вашингтондо өзүн кааланбаган адам абалына айландырды. Нетаньяху сөз сүйлөй турган жыйынга АКШнын вице-президенти Жо Байден жетекчилик кылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар