Түрк басма сөзү-22.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

228105
Түрк басма сөзү-22.02.2015

«Хабер түрк» гезити «Сүлейман Шах күмбөзү үчүн түн ортосунда операция жүргүзүлдү» аттуу макаласында Сирияда ДЕАШтын коркунучу астындагы түрк жери «Сүлейман Шах» күмбөзү үчүн Түркиянын түн жарымында күтүүсүз операция жүргүзгөнүн жазган.
Гезит анын максаты Сүлейман Шах жана анын жанында жаткан эки аскердин сөөгү менен 40 аскерди алып чыгуу экенин, премьер-министр Давутоглунун операцияны башынан аягына чейин байкаганын жана операциянын даярдыгы жашыруун жүргүзүлүп, операцияда танкалар менен катар аба жана кургактык күчтөрүнөн тандалган жүздөгөн атайын аскерлер орун алганын маалымадган.
«Йени шафак» гезити «Кайрадан Сирияда коюлат» деген маалыматында Кобаниден чыккан ДЕАШтын 2 кмге чейин жакындап келип коркунуч туудурган «Сүлейман Шахтын» сөөгүнүн алынып келинишине байланыштуу операция 9 саатка созулганын баяндаган.
Анда Осмон мамлекетинин түптөөчүсү Осмон Газинин чоң атасы Сүлейман Шахтын cөөгү Түркияга алып келингени жана мындан мурда эки жолу орду которулган сөөк ошол эле Сирияда атайын даярдала турган коопсуз аймакка коюлаары белгиленген.
«Сабах» гезити «Секирик жасагабыз келсе жаңы конституция жана президенттик башкаруу системасы шарт» деген макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын «Учурдагы система менен жыла албай жатабыз. Дагы илгери кете албай жатабыз. Биздин генибизде президенттик, лидерлик система бар. Мурдагы президенттер да ушундай зарылчылыкты сөз кылышкан»-дегенин баяндаган.
Гезит Эрдогандын Малатияда элге кайрылып, террордун соңуна чыгарылышы үчүн жүргүзүлгөн чечүүчү жол процессине токтолуп, «коркунучтарга жана балталоолорго карабастан процесс уланууда»-дегенин баяндаган.
«Стар» гезити Түштүк Корея менен экономикада толук өнөктөштүк» аттуу маалыматында экономика министри Нихат Зейбекчи расмий сапар менен ар түрдүү келишимдерге кол коюу үчүн бара турган Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулга 26-февралда аттаарын жазган.
Гезит сапарда 2013-жылдын 1-майында күчүнө кирген «Эркин соода келишинин» алкагында кызматтык соода келишими жана инвестиция келишимине кол коюла турганын белгилеген. Анда Ушундайча Түркиянын алгачкы терең жана кеңири масштабдуу Түркия-Түштүк Корея эркин соода келишими толукталган болоору маалымдалган.
«Миллийет» гезитинде чыккан «ТИКАнын жардам тизмесинде ар нерсе бар» аттуу макалада Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) дүйнөнүн артта калган аймактарында жашаган адамдарга ар башка темаларда жардам берилип жатканын белгилеген.
Гезит берилген жардам тизмесинде деңиз велосипединен тартып Рен кийиктерине чейин орун алган, ТИКАнын өзгөчө Америка жана Африка материгиндеги жардамдары ар түрдүү экенин, ТИКАнын берген жардамдарынын арасында сейрек кездешүүчү теректердин өстүрүлүшү проектин колдоо, радиостанциясы, деңиз велосипеди, көчүп жүрүүчү тегирмен, кырман машиналары, ветеринардык комплект жана техникалык билим берилүүсүнүн камсыздалышы сыяктуу жардамдар бар экенин белгилеген.
«Ватан» гезити «стресс тишти чиритет» деген макалада Селжук университетинин ооз, тиш жана жаак хирургиясы кафедрасынын башчысы, проф.Эржан Дурмуш учурубузда бир топ оорунун себеби катары көрсөтүлгөн стресстин тиштин чиришине жана тиштин этинин оорушуна да себепчи болгонун айтканын жазган.
Гезит Дурмуштун: «Стресстүү болгондордо ооз кургайт. Тиштин бетинин чиришине бөгөт болуучу коргоочу катмар болбойт жана акырында тынымсыз тиш чириши келип чыгат. Өзгөчө 18-20 жаштан төмөнкү балдарда көрүнгөн стресс ооздун тазалыгы жагынан абдан маанилүү»-деп айтканын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар