Түрк басма сөзү-14.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

218769
Түрк басма сөзү-14.02.2015

«Стар» гезити «Дүйнө батыштан эле турбайт» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын Мексикадан кайтканда твииттердеги жарыясында БУУдагы тең салмаксыздыкты сындап: «Дүйнө жалгыз эле батыштан турбайт. Эми муну ар ким кабыл алышы керек»-дегенин жазган.
Гезит Эрдогандын дүйнөнүн көп борборлуу түзүлүшкө ээ болгонуна көңүл буруп: «Эл аралык мекемелер кризистерге бөгөт болууда жетишсиз болуп калышты. Бул системанын мыйзамдуулугу акыры барып талкууга салынат. Орундатылбаган жоопкерчиликтердин чыгымын карапайым адамдар төлөп жатышат»-деген сөздөрдү жазганын баяндаган.
Ушул эле кабарды «Йени шафак» гезити «БУУда күч тең салмактуулугу жок», «Ватан» гезити «Обама каршылык көрсөттү», «Миллийет гезити «Эми Обама көңүл айтты», «Хүррийет» гезити Обама мусулман жаштардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты» сыяктуу темалар менен берген.
«Йени шафак» гезити башка бир макаласына «Үч күндөн кийин үн катты» деген тема коюп, президент Режеп Таййип Эрдогандын «Кайдасын президент?» деп каршылык көрсөтүүсүнө АКШнын президенти Обаманын 3 мусулман жаштын өлтүрүлүшүүн 3 күн өткөндөн кийин айыптаганын жазып чыккан.
Гезит Обаманын «АКШда эч кимдин көрүнүшү же сыйынуу түрүнө жараша бутага алынбашы керек. Бардыгыбыз бир Америка үй-бүлөсүбүз»-деген жарыя жасаганын баяндаган.
Ошол эле «Йени шафак» гезити «Жер жүзүндөгү доктурлардан Африка материгине чоң кызмат» деген макаласында 40тан ашуун өлкөдө саламаттык сактоо тармагында иштеген Жер жүзүндөгү доктурлар тобу Угандадагы Ислам университетинде Хабиб медицина факультетин курганын жазган.
Анда факультет мусулмандарга таандык алгачкы жана жалгыз мекеме болгонун, 5 ай мурда билим берүүсүн баштаган Ислам университетинин Хабиб медициина факультетинин расмий ачылышы борбор шаар Кампалада жасалаганы маалымдалган.
«Хабер түрк» гезити «ТЕВ экинчи жолу Европа жана Түркиянын эң мыкты жумуш менен камсыздоочусу болду» аттуу маалыматында фирмалардын адам ресурстары саясты жана ишке ашырууларын 25 жылдан бери иликтеген Top Employers Institute быйыл 36 Европа өлкөсүнөн 667 фирманы изилдеп чыкканын маалымдаган.
Анда бул процессте ТЕВ алдыңкы 5 мекеменин арасына кирүү ийгилигин көрсөтсө, экинчи жолу Европа жана Түркиянын эң мыкты жумуш менен камсыздоочусу болуп тандалганы орун алган.
«Сабах» гезитинде жарык көргөн «Түркия жергиликтүү чип өндүрүүдө чечкиндүү» деген макалада илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык «жергиликтүү чип өндүрүү боюнча чечкиндүүбүз, бул темада даярдыктарды баштадык»-дегенин баяндаган.
Гезит ASELSAN жана Билкент университетинин өнөктөшүгүндө пайдубалы түптөлгөн алгачкы галлий нитраттан турган чипти өндүрүүчү ишканадан кийин, алгачкы чоң көлөмдүү сериялуу өндүрүш жасай турган кремнийден турган чип ишканасы үчүн да камылгалар жүрүп жатканын маалымдаган.
«Миллийет» гезити «Түрк аба жолдору январда 4,4 миллион кишини ташыды» деген маалыматында Түрк аба жолдорунун январь айында жалпы жүргүнчү саны 2014-жылдын ошондой эле мезгилине салыштырмалуу 9,5 пайыз өсүү көрсөтүп 4,4 миллионго жеткенин жазган. Анда жүргүнчү санындагы өсүү ички каттамдарда 7,6 пайыз, тышкы каттамдарда 10,9 пайызды түзгөнү белгиленген.
«Миллийет» гезити «Жашыруун үндү түрктөр бузду» аттуу макаласында колдонгондордун бардыгы даттанышкан муздаткычтагы үндүн сырын түрк инженерлер чечмелегенин баяндаган.
Гезит MEF университетинен Хасан Конук жана Стамбул университетинен Ахмет Арсой муздаткычтын ичине жайгаштырган атайын сенсорлор менен өлчөөлөрдү жасап «чытыраган» үндөрдүн температура капыстан өзгөргөндө муздаткычтын тышкы материалдарындагы кеңейүү жана чыңалуудан келип чыкканын белгилегендерин маалымдаган. Муну жоюу үчүн өндүрүшчүлөрдүн температураны дароо өзгөртүү катнашын азайтуулары керектигин айтышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар