Түрк басма сөзү-8.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

214172
Түрк басма сөзү-8.02.2015

«Акшам» гезити «Эрдоган латын Америкага жол тартат» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын бүгүн баштай турган Колумбия, Мексика жана Кубаны камтыган Латын Америка сапарына орун берилген.
Гезит президент Эрдогандын 9-10-февраль күндөрүндө Колумбияга, 10-11-февралда Кубага жана 11-12-февралда Мексикага бара турганын жана бул 3 өлкөнүн лидерлери менен маанилүү жолугушууларды өткөрө турганын маалымдаган.
Анда өзгөчө Куба сапары кызыгылып күтүлгөн Эрдогандын, саламаттык абалы жакшы болсо Кубанын легендарлуу президенти Фидель Кастро менен да жолуга турганы, сапар убагында бир топ келишимдерге кол коюлуп, бул сапар менен карым-катнаштардын дагы да чыңдалышы максатталганы белгиленген.
«Хабер түрк» гезити «Меркель Түркияны мактады» аттуу кабарында Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Түркиянын сириялык качкындар үчүн кылган иштери мактоого арзырлык болгонун баса белгилегенин жазган.
Гезит Мюнхендеги 51-коопсуздук конференциясында сөз сүйлөгөн Меркелдин Сириядагы жарандык согуштарда 4 жылда 220 миң киши каза болгонун, миңдеген аял жана баланын зомбулукка туш болгонун түшүндүрүп, Сирия маселесинин чечилиши абдан татааал болгонун белгилеп Орусия менен да кызматташтык кылынышы керектигин баса белгилегенин бөлүшкөн.
«Йени шафак» гезити «Греция Европа Биримдиги желегин түшүрдү» аттуу макаласында Европа Биримдигинин «е-почта менен буйрук» жаадырышына катуу каршы чыккан Грециянын жаңы премьер-министри Алексис Ципрасты өлкөнүн жергиликтүү башкаруучулары да колдогонун жазган.
Гезит коммунисттик партия башкарган Патра мэриясынын өкмөт башчы Ципрасты Брюсселге каршы колдош үчүн мэрия иматарындагы Европа Биримдигинин желегин түшүргөнүн, анын ордуна мэриянын эмблемасы тартылган желек илдиргенин маалымдаган.
«Стар» гезити «Египетте сокку менен бийликке келген Абдулфеттах Сисинин жан жөөкөрлөрү менен сүйлөшүүсүнүн үнү жарыяланганын жазган.
Гезит үндүн Сисинин президенттикке талапкер болоор алдында жан жөөкөрлөрү менен өткөргөн жыйында жазылганын жана «Булуң өлкөлөрү менен кудум эле 1990-жылы Сирия режимине жасагандары сыяктуу «ал жана бер» деген негиздин айланасында байланыш курушубуз керек»-дегенин баяндаган.
«Сабах» гезити «Украина согушуна бөгөт болуш үчүн акыркы мүмкүнчүлүк» аттуу макаласында Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Франциянын президенти Франсуа Олланддын 4 күндөн бери жүргүзүп жаткан Украина дипломатиясынын кечээ да уланганын жарыялаган.
Гезит Олланддын Украинанын чыгышындагы Орусияны жактаган жикчилдерге карай кеңири автономия жана куралсыздануу чакырыгын таштаганын жазган. Анда батыш менен кызматташууну каалагандарын билдирген Орусиянын президенти Владимир Путиндин да «Согушту улантуу ниетибиз жок, бирок глобалдык система бизге каршы иштеп жатат»-дегенине орун берилген.

 

 

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар