Түрк басма сөзү 6. 02. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

212667
Түрк басма сөзү 6. 02. 2015

«Стар» гезити «ДЕАШ жапайычылыгына каршы биргелеше күрөш» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Иорданиянын королу Абдуллахка телефон чалып ДЕАШ канкорлорчо өлтүргөн учкуч Муаз Ел Кесасибе үчүн көңүл айтканын белгилеген. Гезит эки лидердин террорго каршы биргелеше күрөшүү керектигине басым жасаганы жана Сирияда Асад зулумчулугуна каршы кызматташтык түзүүнүн керектүүлүгүнө токтолгонун жазган.
«Хүррийет» гезити «Түркияга жол башчы күч талабы» деген маалыматындап НАТОнун алты жаңы командирлик башкаруу борбору жана жогорку сапаттуу жол башчы күчүн ишке киргизерин жазган. Гезит жол башчы күч үчүн Түркияга салым кошуу талабынын болгонун, бирок Анкаранын али чечим чыгара электигин белгилеген. Коргоо министрлери жыйынында кандайдыр бир убада бербеген Түркия чечимин алдыдагы мезгилде билдирет. Улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз чечимдин июнь айында чыгарын айтты.
«Йени шафак» гезити «Европа Биримдиги өсүү болжолун жогорулатты» деген жазуусунда Европа Биримдиги Комиссиясынын Түркиянын 2015 - жылы өсүү болжолун 3, 3 пайыздан 3, 7 пайызга жогорулатканын жарыялаган. Комиссиянын отчетуна караганда өткөн жылы 6 пайыздык эсеп – кысап таңкыстыгы бул жылы 3, 6 пайызга түшөт. Отчетто : «Орусия жана Иракка карата экспорт тарайбаганда перформанс дагы жакшы болмок»,- деп айтылды.
«Ватан» гезити «Генарал Түркияны борбордук база кылат» деген маалыматында 25 жылдан бери Түркияда дистрибьюторлордун жардамы менен продукциялары сатылган, дүйнөнүн алдыңкы кондиционер фирмаларынан Генералдын Түркияда өзүнүн сатуучу жана тейлөө желесин куруу чечимин чыгарганын жазган. FG Europeнин Түркия башкаруу кеңешинин төрагасы Тошиясу Оно : «Ылдам өнүккөн жана өскөн Түркия базары бизди өзүнүн сатуу жана тейлөө желесин курууга багыттады. Аймактагы күчүбүздү дагы да күчтөндүрөбүз»,- деди.
«Хабер түрк» гезити да Ататүрк жана Сабиха Гөкчен аэропортторунун жүргүнчү перформансы жактан өз араларында 2014 - жылы эң өскөн аэропорттор болгонун билдирген. Европа Эл аралык аэропорттору кеңешинин жүргүзгөн иликтөсүнө караганда 25 миллион жана андан ашык жүргүнчүнү тосуп алган аэропорттордун арасында Стамбул Ататүрк аэропорту, жүргүнчү жолун 10, 6 пайызга чоңойтуп эң көп өскөн аэропорт Сабиха Гөкчен болсо 10 – 25 миллион жүргүнчү сегментинде 25, 4 пайыздык өсүү менен эң көп өсүү көрсөткөн аэропорт болду.
«Сабах» гезити 1890 - жылы Японияда чөккөн түрк фрегаты «Эртугрулдун» баяны киного тартылганын жазган. Японияда тартылып бүткөн кинонун Түркиядагы бөлүгү март айында Стамбулда тартыла баштайт. Болжолдуу бюджетинин 12 миллион лира болушу күтүлгөн кинонун жылдын акырында көрсөтүлөрү пландалууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар