Түрк басма сөзү-3.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

207854
Түрк басма сөзү-3.02.2015

«Йени шафак» гезити «Эрдоган төрт материкти кыдырат» аттуу макаласында кызматка келген күндөн тарып 16 өлкөгө барган президент Эрдогандын быйыл дагы 30 өлкөнү кыдыра турганы белгиленген.
Гезит Эрдогандын аялдамаларынын арасында Африка, Латын Америка, Орто Азия жана Европа бар экенин, биринчи кезекте Колумбия, Куба жана Мексика турганын маалымдаган.
Анда президент Эрдогандын апрель айында Страсбургдагы Европа Парламентинде сүйлөй турган сөзү менен Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү темасында чечкиндүүлүгүн баса белгилеп, бүтүндөй Европа Биримдиги өлкөлөрүн Исламга каршы болгондор менен биргелеше күрөшүүгө чакыраары баяндалган.
«Хүррийет» гезити «Түркиядан жардам суралышы керек эле» деген маалыматында террор уюму ИШИМдин эки япон барымтадагыны өлтүрүп коюшунан кийин япон башкаруучулугу сынга кабылганын билдирген.
Гезит Киотодогу Дошиса университетинде Жакынкы Чыгыш боюнча эмгектенген профессору Масанори Наитонун мындан мурда ИШИМдин колундагы барымтадагыларын куткарган Түркиядан жардам суралышы Япония үчүн туура кадам болмок экенин, бирок мунун жасалбашы чоң жаңылыштык болгонун белгилегенин баяндаган.
«Акшам» гезити «Эң чоң дары-дармектин борбору-Түркия» аттуу макаласында сатууларда так 58 миллиард долдлардык көлөмгө ээ болгон Novartis фирмасы, эң көп саткан дарысынын дүйнөлүк өндүрүш борбору катары Түркияны тандаганын маалымдаган.
Гезит Novartis Groupтун дүйнөлүк башкы жетекчиси Жо Хименес, Түркиянын Novartis үчүн маанилүү өндүрүш базаларынан бири болгонун белгилеп: «Курткөйдөгү өндүрүш ишканаларына инвестиция салабыз. Эң көп саткан товар болгон малярия оорусунун дарысын дүйнөдө жалгыз Курткөйдө өндүрүп экспорттойбуз»-деп кошумчалаганын баяндаган.
«Стар» гезитинде жарык көргөн «Оюнга Түркиянын кошулушу Европаны дүрбөлөңгө түшүрдү» аттуу макалада JB Press Орусиянын жаңы экономикалык чечимдерине байланыштуу бир кабар жарыялаганын жазган.
Гезитте «Түштүк агым» долбоорунун жабылышы президент Путиндин Европа Биримдиги менен кызматташуусун чектегенинин белгиси экендиги, оюнга Түркиянын кошулушу Европа өлкөлөрүнүн шаштысын кетиргени жазылган.
Гезит долбоор жоюлганы жарыяланган учурунда ар ким Путиндин аброю түшкөнүн сөз кылганын, бирок жаңы багыт белгиленген соң шылдыңдаганды токтотушканын билдирген. Анда «Чыгышта Кытай, батышта Түркия. Президент Путин түрк жана кытайлык лидерлер менен кызматташуу аркылуу жаңы эл аралык саясатынын пайдубалын түптөй баштады»-деген маалыматка орун берилген.
«Радикал» гезитинин интернет барагында «Карстык кичине оюнчулардын Берлин толкундануусу» аттуу маалыматында «Кар каракчылары» аттуу кино тасма, дүйнөнүн эң маанилүү кино иш-чараларынан 65-Берлин кино фестивалына даярданууда экендиги жазылган.
Анда Фестивалдын Generation бөлүмүндө дүйнөлүк бет ачарын жасай турган кино тасманын режиссеру Фарук Хажыхавызоглу менен катар карстык жаш башкы ролдогу оюнчулар Таха Тегин Өздемир, Якуп Өзгүр Куртал менен Өмер Улучту толкунданууга батышканы, анткени жаш оюнчулар кино тасманын дүйнөлүк галасы үчүн 7-февралда Берлинде болоору маалымдалган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар