Түрк басма сөзү-1.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

205398
Түрк басма сөзү-1.02.2015

«Сабах» гезити «Анкара Саргсянды айыптады» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Чанаккале соугушунун 100 жылдык мааракесинде боло турган азмедерге чакырган Армениянын президенти Серж Саргсяндын чакырууну жаман сөздөр менен сындоосуна Анкаранын катуу жооп кайтарганын жазган.
Гезит Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын, «Саргсяндын мамлекет башчыга жарашпаган сөздөрүн өзүндөй кайтарып беребиз»-дегенине жана ошондой эле Тышкы иштер министрликтин да, «Коңшу мамлекеттин лидерине да, байыркы армян улутунун өкүлүнө да жарашпаган бул ыкманы катуу айыптайбыз»-дегенине орун берген.
«Стар» гезити Марамарда лодос коркунучу» деген маалыматында саатына 100 км ылдамдык менен соккон лодос шамалынын Мармара аймагына катуу таасир тийгизгенин жазган.
Гезит бир топ үйдүн чатыры учканын, көп сандаган теректер тамырынан омкорулганын, аба жана деңиз каттамдары жоюлганын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Чет өлкөлүк лидерди TÜBİTAK окутат» аттуу макаласында Түркиянын илимий жана технологиялык изилдөө мекемеси менен Түркия өнөр жай өткөрүү жана башкаруу институту (TÜBİTAK TÜSSİDE) тарабынан жүргүзүлгөн «Эл аралык лидерлик академиясы» долбоорунун алкагында чет өлкөдөн келген жогорку деңгээлдеги башкаруучу жана бюрократтарга теориялык жана практикалык сабак берилгенин жазган.
Анда академияга ушул убакка дейре Босния-Герцеговина, Косово, Тунис жана Казакстандан жогорку башкаруучулар жана бюрократтар катышканы баяндалды.
«Хүррийет» гезити «Экономиканын лидерлери Улудагда жыйын өткөрүшөт» аттуу макалада Улудаг Экономика саммитинин төртүнчүсү 13-14-март күндөрүндө Бурсада боло турганын баяндаган.
Анда чет өлкөдөн көп сандаган катышуучу боло турган саммитте санариптешүү жана санариптик фирма болуунун мааниси түшүндүрүлүп, Африка жана Кытай базараныдагы мүмкүнчүлүктөргө баа берилет.
«Миллийет» гезитинде жарык көргөн «Спорт болсун деп 900 миллион доллар сарпташты» аттуу макалада Түркияда спорт менен машыккан туристтердин саны 2014-жылы 550 миңден ашып, алардын каржылоолору да 900 миллион доллардан ашканын маалымдалган.
Гезит спорт максаты менен келген туристтер, башка туристтерге салыштырмалуу эки эсе көп каржылоо жасаганын, мындагы эң чоң үлүштү гольф жана футбол түзгөнүн баяндаган.
«Ватан» гезити «Семиздик менен күрөшүү бала бакчада эле башталат» аттуу маалыматында Саламаттык сактоо министрлигинин семирген калктын санынын азайтылышы үчүн 3-6 жаш курагындагы бала бакчадагы балдардан баштап, бир топ чара көрүүнү ишке ашыра турганын билдирген.
Гезит анда машыгуу программалары кеңейтилип, бала жана өспүрүм жаштагыларга туура тамактануу программалары ишке ашырыларын маалымдаган.
«Сабах» гезити «Жылдыздардын ресторанчысы Эрдемге сыйлык» деген маалыматында Нью-Йоркто Американын атактуулары жана саясатчылары көп барган жериндеги ресторандын түрк кожоюну Зейнел Эрдемдин бир Америка гезити тарабынан жылдын эң ийгиликтүү 40 жаштын астындагы ишкер сыйлыгына ылайык көрүлгөнүн жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар