Түрк басма сөзү 31. 01. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

204255
Түрк басма сөзү  31. 01. 2015

«Сабах» гезити «ТАНАП биз үчүн баш тартылгыс проекти» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу проектиси ТАНАП Түркия үчүн баш тартылгыс проекти экенин жана үч жылдын ичинде проекти бүткөрүлүшүнүн пландалганын айтканын жазган. Чавушоглу : «Алгачкы кадамдар ташталды, тендерлер өткөрүлдү, түтүктөргө заказ берилди. Түркмөн газынын да Түркия аркылуу өткөн бул проектилерге кирүүсүн Түркия менен Азербайжанда каалап жатат»,- деди.
«Хүррийет» гезити «Япон калкынын кайгысын бөлүшөбүз» деген маалыматында Шанлыурфанын Акчакале районунда болгон автожол кырсыгында каза болгон япон журналист Казуми Такаянын каза болушу туулган жери Японияны жана 22 жылдан бери жашап жаткан Түркияны кайгыртканын жазган. ИШИМдин иорданиялык учкуч жана япон журналист Кенжи Готону Акчакаледе эркин койо берери айтылуусу менен чек ара капкасына барып абалдарды иликтеген япон Фужи телекөрсөтүүнүн кабарчысы Такая Акчакаледе болгон автожол кырсыгында каза болду. Вице – премьер Ялчын Акдоган tweetrдан «Жакындарынын жана япон калкынын кайгысын бөлүшөбүз»,- деп билдирди.
«Йени шафак» гезити «Түрк лирасынын экспортто колдонулуусу 25 пайызга өстү» деген маалыматында Түркия статистика мекемеси ТҮИКтин маалыматтарынан түрк лирасынын экспорт иштеринде колдонулуусу 2014 - жылы мурунку бир жылга караганда 25 пайызга өскөнүн билдирген. Акыркы 10 жылдык мезгилде түрк лирасынын тышкы соода иштеринде колдонулуусу болсо 11 эсеге чейин өстү.
«Ватан» гезити 201 4 - жылга караганда 6, 2 пайызга өстү» деген маалыматында Түркиянын туризм кирешеси 2014 - жылы андан мурунку бир жылга караганда 6, 2 пайызга өсүп, 34 миллиард 305 миллион 904 миң доллар болгонун билдирген. Сөзү болгон кирешенин 81, 5 пайызы чет элдик туристтерден, 18, 5 пайызы болсо өлкө тышында жашаган зыяратчылардан алынган. Ошол эле жылы Түркиядан чыккан зыяратчы саны болсо 2, 1 пайызга өсүү көрсөттү жана 8 миллион 298 миң 198 киши болду.
«Стар» гезити «Тамекиге тыюу салууда жаңы ишке ашыруулар» деген маалыматында саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы кыймыл планы менен тамекини колдонууну азайтууну жана коомго маалымат берүүнү максат кылганы белгиленген. Ушунун алкагында даярдалган улуттук тамеки текшерүү программасы 2015 – 2018 - жылдагы кыймыл планы билдирилди. Жаңы план менен соода сатык борборлору, кино – театр жана башка жерлердин имаратка кире беришинде да тамеки тартылбайт. Биринчи жолу Австарлияда ишке ашкан жана кара пакет деп да билинген иш чара тууралуу керектүү мыйзам өзгөртүүлөр болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар