Түрк басма сөзү 26.01.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

197282
Түрк басма сөзү 26.01.2015


«Акшам» гезити «Дагы бир өлкө кезекке турду» деген макаласында Бахрейн аба күчтөрүнүн ТАИ менен АСЕЛСАН тарабынан өндүрүлгөн Т129 АТАК чабуул коючу тик учарына жакын байкоо салып жатканын белгилеген. Эл аралык коргоо өнөр жай журналы Жейнстин маалыматына карганда, келишим түзүлгөн учурунда Бахрейн мамлекети информатика программалары жана башка электрондук системалары ТАИ менен АСЕЛСАН тарабынан өндүрүлгөн АТАК тик учарынын алгачкы чет элдик колдонуучусу болот.

«Хүррийет» гезити «Турак жай рекорддук деңгээлде сатылды» деген макаласында 2014-жылы Түркиянын жалпысында 1 миллион 165 миң 381 турак жай сатылганын маалымдаган.
Түркияда турак жайлардын сатылышы өткөн жылга салыштырмалуу 0,7 пайыздык өсүү менен 1 миллион 165 миң 381 болуп рекорддук деңгээлге жетти. 2013-жылы жалпы 1 миллион 157 миң 190 үй сатылган. Чет элдиктерге турак жай сатууларда 2014-жылы биринчи орунду 6 миң 542 үй менен Анталья, экинчи орунду 5 миң 580 турак жай менен Стамбул ээледи.

«Акшам» гезити «Шкода Түркияда акыркы 20 жылдын рекордуна жетишти» деген макаласында жаңы үлгүлөр менен бирге бүткүл дүйнөдө ылдам жогорулаган Шкода Түркия базарында да өсүүсүн улантууда. Шкода Түркияда 2014-жылы 11 пайыз төмөндөгөн автомобиль базарында 13,28 пайыз өссө, премиум бренддерден кийин эң көп өскөн төртүнчү марка болду. 14 миң 537 даана шкода унаасы сатылып, базар үлүшү 0,6 баллдык өсүү менен 2,48 пайызга жетти.

«Йени шафак» гезити «Түрк атлеттин ийгилиги» деген кабарында Эл аралык Атлетика Федерациялары Биримдигинин кросс тармагында уюштурган 72- Хуан Мугуэрса жарышында улуттук атлет Полат Кембои Арыкандын экинчи орунду ээлегенин билдирген. Арыкан бул тармакта таймашкан алгачкы түрк атлет болду. Полат Кембои экинчиликти алып күмүш медалга ээ болду. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар