Түрк басма сөзү-25.01.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

196807
Түрк басма сөзү-25.01.2015

«Стар» гезити «Канкор бардык динде канкор болуп эсептелет» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын террор темасындагы сөз сүйлөөсүнө орун берген.
Гезит Эрдогандын: «Террор кайсы ишеничтен болсо дагы террорист болуп саналат. Ал мыкаачы, канкор. Анткени жыйынтыгында карапайым адамдар каза болууда»-дегенин баяндаган. Анда террорго жана террористтерге жылуу мамиле болбой турганын баса белгилеген Эрдогандын, «Канкор христан, еврей же мусулмандын ичинен чыкса дагы канкор болуп эсептелет»-деген сөздөрү бөлүшүлгөн.
«Йени шафак» гезити Франциянын «Шарли Эбдо» журналында чыккан Мухаммед пайгамбарга акааратты камтыган карикатураларга каршы Диярбакырда митинг уюштурулганын жазган.
Гезит «Пайгамбарды сүйүүчүлөр платформасы» тарабынан уюштурулган акцияга Диярбакыр жана чөйрөдөгү облустардан келген он миңдеген киши катышканын маалымдаган.
Ошол эле «Йени шафак» гезитинде жарык көргөн «Пегида жана ДЕАШ бирдей эле» аттуу макалада террор уюму ДЕАШка ислам душманы жикчил Пегидага кошулган жаштардын окшогондугун көрсөткөн маанилүү белгилөөгө орун берген.
Гезит Гете университетинин окутуучусу Др. Эртугрул Шахиндин эки түзүлүшкө тең кошулган жаштарды бири-бирине окшотконун белгилеген. Кабарда др.Шахиндин Пегида же ДЕАШка кошулган жаштардын жан дүйнөсүн четке кагылуу же кемсинтүү психологиясы ээлеп турганын баса белгилегени маалымдалган.
«Хабер түрк» гезити музей жана уранды жерлерден түшкөн кирешеде рекорддук деңгээлде өсүү болгонун жазган.
Анда маданият жана туризм министр Өмер Челиктин музей жана уранды жерлерден түшкөн кирешенин өткөн жылга салыштырмалуу 39 пайыз өскөнүн айтканын баяндаган. Кабарда мындай өсүү менен туризм жана уранды жерлерден түшкөн пайда табуунун көздөлгөн чегинен ашканынын жана ошондой эле музей карточкаларынын сатылуусу жүз пайыз болгонунун маалыматы берилген.
«Миллийет» гезити дүйнөнүн эң чоң жер астындагы шаары белгиленүүгө аракет кылынганын жазган.
Гезит Невшехир шаарынын мэри Хасан Үнвердин Түркиянын туризм борборлорунан Невшехирде табылган жер астындагы шаарда иликтөөлөрдү жасаганын жазган.
Анда жер астындагы шаардын маанисине токтолгон Хасан Үнвердин чет өлкөлүк туристтердин эң көп барган жерлеринен Кападокиянын баш тартылгыс туризм баалуулугу болгонун айтканын баяндаган.
«Сабах» гезити эртең бир астероиддин жерди жанып өтө турганын жазган.
Гезит 1,2 миллион км алыстыктан өтө турган 2004BL86 аттуу астероиддин космоско кызыккандарды толкундантканын баяндаган. Гезит астероиддин эртең Түркия убактысы боюнча саат 17:00де жер шарына эң жакын жерге жете турганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар