Түрк басма сөзү-21.01.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

192728
Түрк басма сөзү-21.01.2015

«Хүррийет» гезити «Сүзүп жүрүүчү келишим» аттуу макаласында Иракка расмий сапар менен барган энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыздын Иракка электр энергиясын камсыздаган сүзүп жүрүүчү станцияларга дагы бир жаңысы кошула турганын билдиргенин жазган.
Гезит Йылдыздын: «Ушул убакта бир фирмабыз Басра булуңундагы үч электр кемесинен Иракка бардыгы 250 мегаватт электр энергиясын камсыздап жатат. Буга ошол эле фирма тарабынан 410 мегаваттык жаңы сүзүүчү станция кошулат. Бул долбоор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ушундайча 660 мегаваттык кубаттуулук түрк фирмасы тарабынан камсыздалган болот»-дегенин баяндаган.
«Акшам» гезити «Биржа Стамбул, Лондон менен биргелешип Европага ачылат» деген маалыматында Стамбулдун эл аралык финансы борборуна айландырылышы жолунда дагы бир маанилүү кадам ташталып жатканын билдирген.
Гезит өткөн жылы NASDAQ менен келишим түзүп Евразия финансы аренасына чыккан Биржа Стамбул, бул ирет Лондон Биржа тобу менен келишимге кол коюп, Европа базарларында дагы активдүү кыймыл кылаарын маалымдаган. Бул келишим «Биржа инвестиция фонддору» секторунда Түркия менен дүйнөнүн ортосундагы айырманын жабылышы үчүн стратегиялык баага ээ.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Дүйнөнүн эң мыкты аскердик окуу жайлары» аттуу макалада Global Firepower Indexтин «2014-жылдын эң күчтүү армиялары» тизмелөөсү эске алынып даярдалган «Дүйнөнүн эң мыкты аскердик окуу жайлары» тизмелөөсү, жетилткен эң жөндөмдүү аскерлерди белгилегенин жазган.
Гезит Түркия 35 өлкөдөн турган бул тизмеге кургактык, аба жана деңиз академиялары менен 8-орунда киргенин маалымдаган.
«Стар» гезити «Түрк аба жолдорунан тарыхый ийгилик» аттуу макаласында дүйнөнүн эң мыкты аба жолу фирмаларын белгилөө үчүн онлайн саякат тейлөөсү е-Dreemsтин сурамжылоосунда Түрк аба жолдору алдыңкы 10 фирманын арасында 5-орунда кире алганын белгилеген.
Гезит сурамжылоодо Европадан 90 миң жүргүнчүгө аба жолу фирмаларына байланыштуу сервис, конфорт, тазалык, VIP бөлүмү, балдарга сунушталган тейлөө жана багаж тейлөөлөрү сыяктуу темаларда да суроолор узатылганын билдирген.
«Йени шафак» гезити «Түрк зайтун майы Индияда таанытылат» деген маалыматында зайтун жана зайтун майын таанытуу комитетинин Индиянын зайтун майы импортунан 25 пайыз үлүш алууну максаттаганы белгиленгенин жазган.
Гезит комитеттин жарыясына таянып 2015-жылдын 22-24-январь күндөрүндө Индиянын Мумбай шаарында өтө турган Food Hospitality World жарманкесинде түрк зайтун майынын таанытылышы жасалаарын жана ошондой эле Түркия бул өлкөгө 151 тонна зайтун майын жибергенин маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар