Түрк басма сөзү 20.01.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

191045
Түрк басма сөзү 20.01.2015

«Миллийет» гезити «Күрт мунай затында жалгыз багыт Түркия» аттуу макаласында Кувейт жана Сауд Аравиядан кийин күрт мунай затын сунуштоо да көбөйө турганын жазган.
Гезит мунай зат өткөрүү баскычтуу түрдө күнүгө 600 миң баррелге жеткирилип, экспорттун жалгыз борбору болсо Түркия болоорун белгилеген. Анда Багдад-Эрбил макулдашуусунан кийин күрт мунай затынын дүйнөгө чыгарылышында Түркиянын ролу жогорулап жатканы, Түндүк Ирактан Түркияга өткөрүлүп жаткан 450 миң баррелдик мунай заттын баскычтуу түрдө 600 миң баррелге жеткирилээри жана күрт мунай затынын жалгыз багыты Жейхан болоору маалымдалган.
«Акшам» гезити «Иракта жаңы мунай газ багыты» деген маалыматында мунай заттан кийин Ирактын газын да дүйнөгө Түркия чыгара турганын жазган.
Гезит жаңы газ куурун куруу боюнча Түркия менен Ирак мунасага келгенин, Түркия Иракта өнөр жай аймагын курууну да пландаганын белгилеген.
Гезит Иракта жолугушууларды өткөргөн энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз, Иракта түрк өнөр жай аймагын куруу үчүн мүмкүнчүлүктөр изилдене турганын айтканын жарыялаган. Анда Ирак чек арасына жаңы бажы капакаларынын курулушу ылдамдай турганы, алдыбыздагы күндөрдө бул темада бир делегация Түркияга келээри жана Аба жолу каттамдарынын көбөйтүлүшү үчүн да макулдашууга жетишилгени баяндалган.
«Ватан» гезитинде жарык көргөн «Түрк армиясы лазер курал өндүрөт» аттуу макалада түрк инженерлери тарабынан АКШнын флоту тарабынан колдонула башатаган лазер куралына окшошунун  алгачкы прототиби чыгарылганы баяндалган.
Гезит бул долбоор үчүн ASELSAN, TÜBİTAK жана Билкент университети биргелешип иштеп, лазер курал кургактык, аба жана деңизден коркунуч көрүнсө бутаны белгилеп туруп аны ээрчип барып жок кылаарын маалымдаган. Анда аябай алыстагы буталарды секундалардын ичинде жок кыла ала турган системанын, өзгөчө учкучсуз учуучу унаалар, алыстан башкарылуучу ракеталар, канаттуу ракеталар жана миномет окторунун жок кылынышында маанилүү роль ойноору белгиленген.
«Стар» гезити «Көз карандысыз текшерүүдөгү түрк демилгеси» деген маалыматында көз карандысыз текшерүү багытында эл аралык тармакта иш алып барган түрк маркасы түзүлүп жатканын белгилеген.
Гезит Йемен, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Иран, Крым жана Орусияда текшерүү жоопкерчилигин алган Заманбап көз карандысыз текшерүү, бул өлкөлөрдө өкүлчүлүктөрүн ачканын жазган. Заманбап көз карандысыз текшерүү 2015-жылы көп улуттуу фирма болуу максатынын алкагында Балканда ачылууну пландап жатат. Македония, Босния-Герцеговина жана Словения максатталган өлкөлөрдүн арасында орун алат.
«Сабах» гезити «Давосто Түркияны Хисаржыклыоглу өкүлдүк кылат» аттуу макаласында Чоң жыйырмалыктын иш дүйнөсүндөгү бутагы В-20ны түзгөн ишкерлер менен Давос саммитинде 22-январда боло турган жыйында Түркиянын соода-өнөр жай палаталары жана биржалары биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу Түркияны өкүлдүк кылаарын жазган.
Гезит «Чоң жыйырмалыктын программасынын өнүктүрүлүшү» темалуу отурумда Түркиянын кезектешкен төрагалыгынын 2015-жылдагы алдыңкы пландары жана программасы менен В-20 Түркиянын иштери каралаарын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар