Түрк басма сөзү 18.01.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

188717
Түрк басма сөзү 18.01.2015

«Сабах» гезити «Пайгамбарыбызга акаарат кылдыртпайбыз» аттуу макаласында премьер-министр Ахмет Давутоглунун партиясынын Айдын жана Мугла курултайларында «Шарли Эбдо» карикатураларына байланыштуу сөз сүйлөөсүнө орун берилгенин жазган.
Гезит Давутоглу: «Парижде террорго каршы жүрүшкө катышып жаткандан кийин, ошондой эле принцип менен Мухаммед пайгамбарга акаарат кылгандарга да унчукпай калбашыбыз керек. Пайгамбар бүтүндөй адамзаттыктын сыймыгы. Улуу пайгамбар үчүн эч нерсебизди аябайбыз»-деп айтканын жазган.
Ошол эле гезит «Европада уктап жаткан клетка дүрбөлөңү» аттуу башка бир маалыматында Франция, Германия,Бельгия жана Нидерландия баш болгон Европада террор чыңалуусу уланганын белгилеген.
Гезит анда чалгындоо булактары, «20 уктаган клетка кол салуу даярдыгын көрүп жатат. 180 киши кыймыл үчүн күтүүдө»-дегенин маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Жергиликтүү товар төңкөрүшү» аттуу макаласында өкмөт автомобилдин кошумча тетик өнөр жайын күүлөй турган төңкөрүш сыяктуу чечимге кол койгонун жазган.
Гезит дары-дармекте болгону сыяктуу жергиликтүү тетиктер өндүрүлүп автомобилдерде колдонула баштай турганын белгилеген.
«Ватан» гезити «Улудагда лыжа тебүү» деген маалыматында кар калың жаагандыктан кыш туризми күчөгөнүн белгилеген. Гезит 6 миң 500 орундуктуу Бурсдагы Улудаг лыжа борборуна араб туристтер көп келишкенин маалымдаган. Ошондой эле Карталтепе жана Картепе лыжа борборлорун да чет өлкөлүк туристтер толтурганын жазган.
«Хабер түрк» гезити «Ahuizotl гени өмүрдү 60 пайыз узартат» деген макаласында швециялык илимпоздордун начар жана өлүү клеткаларды жок кылган генди ойлоп тапкандарын баяндаган.
Гезит бул гендин кыймылдуулугу өөрчүтүлгөн айбанаттардын жашы 60 пайыз узарганын жана бул ген адамдарга шайкеш келсе адамдын өмүрү 120 жылдай боло турганын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «НАСАдан вулкан үчүн атайын робот!» аттуу маалыматында НАСАнын ичине адамдар кире албаган Гаваидеги Килауэа вулканын ичине «VolcanoBot» аттуу атайын робот жибере турганын жазган.
Анда вулкандын ички бети иликтенип Марстагы вулкандар туурасында божомолдоолор жасалмакчы.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар