Түрк басма сөзү 12.01.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

182140
Түрк басма сөзү 12.01.2015


«Сабах» гезити «1 миллиард доллардык маалымат саттык» деген макаласында илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык Түркиянын 2014-жылы 1 миллиард доллардык маалымат экспорттогонун айтканын жазган. Түркиянын жаңы лигага жогорулаганын белгилеген министр Ышык: «Эң көп маалымат экспорту информатика программасы тармагында ишке ашууда. Ушул алкакта информатикалык программа стратегиясын даярдап жатабыз. Анын жаңы жол картасын түзүп чыгабыз. Бир канча дүйнөлүк фирманын ушул тармакта инвестиция жасоо талабы бар»,-деди.
«Хабер түрк» гезити «Мына Түркиянын улуттук согуштук учагы» деген макаласында премьер-министр Ахмет Давутоглунун жетекчилигинде чогулган Улуттук өнөр жай кеңешинин аткаруу комитети, улуттук согуштук учагында эки мотордуу FX-1 үлгүсүн тандаганын билдирген. Бул үлгү, анын наркы жогору болгонуна карабастан кирешеси көп болгондугу, дагы көп курал жүгүн ташый алганындыгы, дагы ылдам жана алыс аралыкка жете алгандыгы үчүн тандалды.
«Стар» гезити «Дүйнөлүк лидерлерге 300 миллион доллардык термалдык жай» деген макаласында Стамбулга эң жакын термалдуу суу өзгөчөлүгүнүнө ээ болгон Ялованын туризм көлөмүн 3 эсе көбөйтүшү күтүлгөн «Ялова термал жайынын» ачыла турганын маалымдаган. 2015-жылы биринчи баскычы тейлөөгө ачыла турган Ялова термалдык жайда мамлекет башчыларын жана жубайларын коноктой турган «Президенттик бөлмө» орун алууда. Бул бөлмөгө мамлекет башчыларынан тышкары эч ким кабыл алынбайт.
«Акшам» гезити «Автомобиль экспортунда жана өндүрүшүндө тарыхый рекордго даярданууда» деген макаласында жылды ылдам баштаган автомобиль сектору жаңы инвестициялардан кийин максатын жогорулатканын билдирген. Автомобиль өнөр жай коомунун башкаруу кеңешинин төрагасы Кудрет Өнен: «Автомобиль сектору инвестициялар, экспорт жана өндүрүш жагынан эң гүлдөгөн мезгилин өткөрүп жатат. Ушул жылы инвестициялардын көлөмүн көбөйтүп, жаңы өндүрүш рекордуна жетишүүнү максаттап жатабыз»,-дегинин жазган.
«Хүррийет» гезити «2015-жылы кыдырып көрүүгө боло турган жерлер» деген макаласында, «Дүйнөдө кыдырып көрүүгө боло турган жерлер көп бирок кайсынысынан баштасам» деп жатсаңыз бул тизме сиз үчүн экенин жазган. «New York Times» гезити 2015-жыл үчүн кыдырып көрүүгө боло турган 52 жерди жазды. Түркиянын белгилүү туристтик аймагы Антальянын Каш району тизмеде 31чи орунду ээледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар