Түрк басма сөзү 26. 12. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

161878
Түрк басма сөзү 26. 12. 2014

«Сабах» гезити «Абади : Ирак нефтисин Түркия экспорттойт» деген маалыматында Ирактын премьер – министри Хайдар Ел Абадинин стратегиялык Түркия сапарында энергетика темасы тамгасын басты. Түркия – Ирак Жогорку Деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин жыйынынан кийин премьер – министр Ахмет Давутоглу менен пресс – жыйын өткөргөн Ел Абади Ирак нефтилеринин түрк жерлеринен өтүү менен дүйнө базарына экспорттолуусун каалашкандарын айтты. Ирактын премьер – министри Абади Түркия жана Ирактын эгемендигинин негизинде карым – катнаштарды экономикалык, саясий, соода, коопсуздук жана аскердик бардык тармактарда өнүктүрүүнү каалашкандарын белгиледи.
«Стар» гезити «Африкада участок жарышында Судан жана Жибути кыймылы» деген маалыматында батыштык өлкөлөрдүн Африкада участок жарышында Түркия, Судан жана Жибути менен алдыга чыгууну максат кылууда. Өткөн күндө Осмон империясынын территориясы болгон Суданда айыл – чарба иштери боюнча генералдык директорлугу ТИГЕМ Стамбулдан да чоң бир аянтты арендага алып менчик сектор менен дыйканчылык кылууну пландап, ушуга кошогон кадамды эми Жибутиде таштоону каалап жатканы билдирилген.
«Йени шафак» гезити «Израил кулаткан мечиттерди диянет кайрадан курат» деген маалыматында июль айында Израилдин Газага жасаган кол салуусунда кулаган мечиттердин ордуна жаңысы Түркия диянет фонду тарабынан курулат. Диянет жетекчилеринин Газада иликтөөлөрдү жүргүзгөнү жана кол салууда кулаган 9 мечитти куруу проектисинин бүткөрүлөрү билдирилди.
«Хабер түрк» гезити «Экрандарда бардык мезгилдердин рекорду» деген маалыматында кино сектору жергиликтүү чыгармалардын да таасири менен 2014 – жылды бардык мезгилдердин рекорду менен жапты. 3 - январь 18 - декабрь күндөрүнүн арасында 103 кино жергиликтүү болуп, 341 жаңы кино көрсөтүүгө кирди. Экрандарга келген бардык кинолордун ичинде жергиликтүү кино көрүү катнашы 59 пайыз болду. Айрыкча жергиликтүү кино көрүүчү саны өткөн жылга караганда 30 пайызга өстү. Бул жылдын эң көп көрүлгөн 10 кино тизмесинин баары жергиликтүү кинолордон турат.
«Сабах» гезити «Кризис орус туризмине таасирин тийгизди» деген маалыматында экономикалык кризис жана рублдын баасын жоготуусу Орусияда тышкы туризмге абдан чоң таасир тийгизди. Кризис орус туристтер тандаган өлкөлөрдөн Түркияга да таасирин тийгизүүдө. Түркияга келген орус турист санында абдан чоң төмөндөөнүн болушу байкалууда. Орусия тур операторлору бирдигинин директору Мая Ломидзе бул жылы өлкө тышына туристтердин чыгуусунда 2013 - жылга салыштырмалуу 40 – 5 0 пайызга жакын азаюу болгонун билдирди. Түркия жана Египет орус туристтердин 2014 - жылы белгилеген жерлеринин арасында орун алган. Адистер азайган талаптын түрк туризмине да тескери таасир тийгизерине көңүлдөрдү бурушууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар