Түрк басма сөзү 24.12.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

158164
Түрк басма сөзү 24.12.2014

«Ватан» гезити «Түркия үчүн укмуш отчет!» деген маалыматында Дүйнөлүк банк мунай зат бааларындагы төмөндөөнүн Түркия экономикасына оң таасирлери көп болгонун баяндаган.
Гезит Дүйнөлүк банк декабрь айын баамдоо отчетунда энергетика импорт бааларындагы чукул төмөндөөнүн уланган учурунда Түркияда 2015-жылы дагы күчтүү өсүүнү, тышкы эсеп-кыскапта оңолууну жана инфляцияны төмөндөтүүнү колдоо боло турганын белгилегенин жазган.
«Сабах» гезити «Түркия глобалдык кризисти мүмкүнчүлүккө айландырды» аттуу макаласында Биржа Стамбулдун башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрахим Турхан 2007 жана 2008-жылдарда башталган дүйнөлүк кризистин Түркия үчүн мүмкүнчүлүккө айланганын белгилеп, кризис убагында Түркия экономикасынын абдан ийгиликтүү сыноодон өткөнүн, дүйнөнүн эң ири экономикалары кыйынчылык тартып жатканда Түркия экономикасынын 2009-жылы байкалган убактылуу рецессиядан кийин ылдам калыбына келгенин айтканын баяндаган.
«Радикал» гезити интернет барагында «Турак жай сатуулар ноябрь айында 1,1 пайыз өстү» деген маалыматында Түркиянын жалпысында турак жай сатуулар ноябрь айында 1,1 пайыз өсүү менен 100 миңден ашып 103 миң 783 даанага жеткенин белгилеген.
Гезит чет өлкөлүктөргө ноябр айында 549у Антальяда, 500ү Стамбулда, 103ү Яловада, 86сы Айдында, 86сы Бурсада, 80и Сакарияда жана 69у Муглада болуп бардыгы 1687 турак жай сатылганын маалымдаган.
«Акшам» гезити «Дүйнөнүн башталган чекити Гринвич эмес Стамбул экен» деген макаласында Византия, Рим жана Осмон доорлорунун маданият, тарых жана соода борбору болгон Стамбулдагы «Султан Ахмет» аянты 116 жыл мурдагыга чейин, дүйнөнүн баштылгыч чекити катары кабыл алынганын жана дүйнө Стамбулдун чыгышы менен батышы катары экиге бөлүнүп, сааттар ушуга жараша туураланчу жана багыт ушуга жараша белгиленчү экенин эске салат.
«Стар» гезити «Бүткүл дүйнөнүн көзү Эскишехирде» аттуу макаласында Эскишехирде «Анадолу» университети тарабынан салына баштай турган Улуттук темир жол системаларын текшерүү борборунда (URAYSİM) улуттук ылдам жүрүүчү поезддерден баштап, Балкан жана Европа өлкөлөрүнө чейин поезддер текшериле турганын маалымдаган.
Гезит алдыбыздагы жылдын жаз айларында пайдубалы түптөлүшү пландалган борборду болсо бүткүл дүйнө чыдамсыздык менен күтүүдө экендигин белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар