Түрк басма сөзү 22.12.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

155755
Түрк басма сөзү 22.12.2014


«Стар» гезити «Хание Түркияга ырахмат атты» деген кабарында Хамастын саясий кеңсесинин төрага орун басары Исмаил Ханиенин: «Түрк өкмөтүнө, калкына жана Түрк кызматташтык жана координация агенттигине (ТИКА) Палестина калкына көрсөткөн жардамдарынан улам ырахмат айтабыз»,- дегенин жазган. Хание Израилдин көптөгөн жылдардан бери Газага койгон блокадасын жеңилдетүүгө карата Түркия мамлекети менен калкынын жоопкерчилигинин эки өлкөнү бириктирген күчтүү карым-катнашттарга басым жасагынын белгиледи. Хание айрыкча Түркиянын акыркы жолу Газада жардамга муктаж 2 миң үй-бүлөгө финансылык жардам жөнөткөнүн айтты.
«Сабах» гезити «Түркия кышкы туризмде да лидер» деген кабарында Түркиянын саякат агенттиктери биримдигинин кышкы туризм боюнча отчетуна караганда деңиз, кум, күн дегенде алгач эске түшкөн өлкөлөрдүн арасында орун алган Түркия, туризм тармагын 12 айга жаюу үчүн акыркы жылдарда кышкы туризмге дагы көбүрөөк көңүл бура баштады. 10 жыл мурда декабрь-январь-февраль айларында 2 миллион 700 миң киши келсе, бул сан 2014-жылдан тарта 4 миллион 800 миң кишиге жетти. Кышкы туризмде Австрия, Швейцария жана Франция сыяктуу атаандаштары бар Түркияда, кышкы сезондун баш тартылгысы болгон лыжа базалары өнүгүп баратат.
«Ватан» гезити «Түркияга чоң капитал агымы башталды» деген кабарында Катар менен катар көп сандаган Булуң жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Түркияга карай чоң көлөмдөгү капитал агымы башталганын билдирген. Орусиядан чыккан айрым фонддордун да адрес катары багытын Түркияга бурганы сөз кылынууда.
«Сабах» гезити «Түркияда табылган базилика дүйнөнү суктандырды» деген кабарында Изниктеги көлдүн жээгинде табылган 1600 жылдык базиликанын 2014-жылдын эң маанилүү 10 табылгасынын арасында орун алганын маалымдаган. Бул тарыхый базилика Түркиянын Изник шаарында январь айында асмандан сүрөткө тартуу учурунда табылган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар