Түрк басма сөзү 28. 11. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

208675
Түрк басма сөзү 28. 11. 2014

«Йени шафак» гезити «Палестинадан Фергюсонго» деген маалыматында АКШда улутчулдукка каршы кыймылдардын символу болгон Фергюсонго эң чоң колдоону социалдык медиа аркылуу палестиналыктардын бергени белгиленген.Гезит айрыкча АКШда полициянын улутчул кылмышын актаган сот чечимине каршы чыгуулардын чекти ашканын жазган.
«Хүррийет» гезити «Данке Тугче» деген маалыматында Германияда эки жаш кызды зордуктоодон куткарып өзү катуу жаракат алган Тууче туулган күнү каза болгонун маалымдаган. Гезит Германиянын эр жүрөк кызга «Рахмат Тугче» дегенин белгилеген. Гезит Тугче Албайрактын 15 - ноябрдан бери жаткан ооруканын Тугченин жактоочулары менен толуп ташканын, дубалдарына Тугченин фотографияларынын жабыштырылганын белгилеген. Кечээ да окуя болгон жерде жүздөгөн кишинин митинг өткөргөнүн билдирген гезит ал түнү Тугчеге ичирүү үчүн суу суранган досуна оболу акча анан суу деген ресторандын алдына суу толтурулган стакандарды коюшканына басым жасаган. Маалыматта үй – бүлөсүнүн Тугче куткарган немис кыздардын полицияга түшүнүк кат берүүсү үчүн чакыруу жасаганы да жазылган.
«Йени шафак» гезити президент Р. Т. Эрдогандын 30 - Ислам Кызматташтык Уюмунун экономикалык жана соода кызматташтыгынын туруктуу комитетинин жыйынынын ачылуу аземинде сүйлөгөн сөзүнө токтолгон. Гезит Ислам дүйнөсүнө кайрылган Эрдогандын : «Тарыхтын эң бактысыз күндөрүн жашаган ислам аймагында чечүүчү жол биримдик. Кимдин жеке, сектанттык, улуттук маселеси бар болсо аны бир четке таштап аймактын бейкуттугу үчүн аракет кылуусу керек»,- дегенин жазган.
«Акшам» гезити «Дүйнө мурасына эбру белеги» деген маалыматында маданият жана туризм министри Өмер Челиктин эбру өнөрүнн ЮНЕСКО тарабынан Түркиянын атынан Дүйнөлүк так болбогон маданий мурас тизмесине алынганын билдиргенин жазган. Гезит Челиктин : «Эбру өнөрү менен бирге Түркиянын атынан тизмеге кирген элементтердин саны 12ге жетти»,- дегенин билдирген.
«Хабер түрк» гезити «Борошо баарын бүлүндүрдү» деген маалыматында УЕФА Европа Лигасынын Л группасында Трабзонспордун Металист Харьковду 3 – 1 ге жеңгенин маалымадаган. Гезит ушундайча Трабзанспордун группадан чыгууну гарантияга алганына көңлдөрдү бурган. Маалыматта УЕФА Европа лигасынын Б группасында болсо Бешикташтын Астерас Триполис менен 2 – 2 ге барабар болуп атын жогорку турга жаздырганы белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар