Түрк басма сөзү 20.11.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

199011
Түрк басма сөзү 20.11.2014

«Сабах» гезити «Ирактан мунай зат келе баштады» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыздын Борбордук Ирак өкмөтүнүн март айынан бери аткара албаган мунай зат өткөрүүсүнүн учурубузда башталганын айтканын жазган.
Гезит Йылдыздын: «Сатылып жаткан Ирактын мунай заттары жана Ирактын калыбына келиши үчүн салым кошуудан сөз кылуудабыз. Сөзсүз бул системанын түзүлүшү жана корголушу керек эле. Түркия бул жагынан милдетин аткарууда. Мындан ары Борбордук Ирак өкмөтүнүн күнүгө 150 миң баррелден башталган мунай зат өткөрүүлөрүнө күбө болобуз»,-дегенин баяндаган.
«Стар» гезити «Министр Элван; Швециянын кемелерин курууга даярбыз» аттуу маалыматында транспорт, деңизчилик жана байланыш министри Лүтфи Элван түрк кеме курулушу өнөр жайынын Швеция тарабынан келе турган ар түрдүү кеме жана деңиз унаасынын курулушу, оңдолуп-майлануусу жана кемени кайра транспортко чыгаруу тармагындагы талаптарды камсыздоого жана бул темада кызматташтык кылууга даяр экендигин белгилегенин жазган.
Гезит министр Элвандын Швециянын шаарчылык жана турак жай министри Мехмет Каплан менен министрликте жолугушканын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Түрк банктарына мактоо айтылды» аттуу кабарында Эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекеме Standard & Poor's (S&P), Өнүгүп бара жаткан базарлардагы банктар боюнча отчетун жарыялаганын жазган.
Standard & Poor's: «Бразилия, Түштүк Африка жана түрк банктары акырындык менен тең салмактанат» деген баа берүүсүн жасады.
«Радикал» гезитинин интернет барагы «Самсунда сатуулар жакшы» аттуу кабарында Автомобиль таркатуучулар коому (ODD) жана Самсундун автомобиль боюнча жооптуу сатуучулары коомунун (SOYS) кызматташтыгы менен 18-23-ноябрь күндөрүнүн арасында TÜYAPтын Самсун жарманке жана конгресс борборунда өткөрүлгөн жарманкеде 100 миң кишилик максаттан ашып өтүү күтүлгөнүн белгилеген. Карадеңиз аймагынын соодасына салым кошууну максаттаган алгачкы жарманке болгон «Самсун авто шоу» жарманкесинде алгачкы күнү эле 150 унаа сатылды.
«Акшам» гезити «Германия Түркспорт клубу менен сыймыктанат» аттуу кабарында Германияда үйрөнчүк топто орун алган Түркспор клубу, 8 футболчусу ооруп калганадыктан ойной албаган атаандашын 3-0 менен жеңилди деген эсеп алуунун ордуна оюнду кийинкиге жылдырууну кабыл алганын билдирген.
Гезит кийинкиге жылдырылган оюнда 2-1 эсебинде утулуп чемпиондуктан кол жууган Түркспор клубуна бул мамилесинен улам Германияда Fair-Play сыйлыгы берилгенин маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар