Түрк басма сөзү 4.11.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

180567
Түрк басма сөзү 4.11.2014

«Йени шафак» гезити «Түркия энергетика өлкөсү болот» деген кабарында Түркия чет өлкөлүк инвесторлордун тандаган жери болуусун улантууда экендигин жазган.
Гезит маалымдагандай чек аралаш кошуналарында болгон саясий абалдар жана буларга байланыштуу согуш чөйрөсүнө карабастан, чет өлкөлүк инвесторлор Түркиядан баш тарта алышпайт. Мунун эң чоң далили болсо үстүбүздөгү жылдын 8 айында 8 миллиард доллардык түздөн-түз чет өлкөлүк инвестициянын Түркияга кириши катары көзгө урунууда. Чет өлкөлүктөр өнөктөштүк жана жаңыдан инвестиция катары эң көп энергетика тармагына кызыгуу көрсөтүүдө. Өткөн жылы жалгыз энергетика секторуна 2,5 миллиард доллардык чет өлкөлүк инвестиция келди.
«Акшам» гезити Энергетикада Европа Биримдигине шайкештик үчүн жол картасы белгилүү болду» аттуу маалыматында Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу үчүн энергетика тармагында жасай турган түзөтүүлөрдүн арасында жаратылыш газ базарында жеке менчик сектордун үлүшүнүн арттырылышы жана жаңылана алгыдай энерия темасында мыйзамга шыктандыруу максатында өзгөртүү жасалып жатканын жазган.
Гезит Европа Биримдиги мыйзамында 15-тема катары орун алган Энергетика темасы, саясий тоскоолдуктардын себебинен сүйлөшүүгө ачылбай турганын баяндаган.
«Миллийет» гезити «Түрк мунай заттары акционердик өнөктөштүгүнүн буругулоо иштери көбөйдү» деген кабарында Түрк мунай заттары акционердик өнөктөштүгүнүн Адыяман аймактык директорлугу акыркы жылдарда жасаган секириктери менен бургулоо жана өндүрүү иштерин арттырганын баяндаган. Гезит Адыяманда 35 аянттагы 250 кудуктан күнүгө 9 миң баррель мунай зат өндүргөн Түрк мунай заттары акционердик өнөктөштүгүнүн, 2003-жылы 3 гана кудукта бургулоо жасаса, 2014-жылы бургуланып жаткан кудук саны 50гө жеткенин маалымдаган.
«Сабах» гезити жаратылыш газда соодалашуу башталат» деген маалыматында Орусиянын энергетика фирмасы Газпромдун жетекчи орун басары Александр Медведев, Түркиянын 2015-жылдын 1-январынан баштап жарактуу боло тургандай түрдө талап кылган жаратылыш газ бааларында жаңылоо темасын караш үчүн бүгүн Анкарага келгенин маалымдаган.
Гезит Медведевдин мындан мурдагы билдирүүсүндө Түркиянын талабынын алкагында жаратылыш газ бааларын жаңылоо үчүн кеңири чечим табуучу пакеттин үстүндө иштеп жаткандарын баяндаган.
«Хүррийет» гезити «Абдан оптимистпиз!» аттуу кабарында Вашингтон борборлуу PEW изилдөө борбору жарыялаган акыркы глобалдык абалдар проектинде кызык көрсөткүчтөр орун алганын жазган.
Гезит PEWдин анкетасы 17-марттан 5-июнга чейин 43 өлкөдө 47 миң 643 кишиге сурамжылоо жасалып, өнүккөн жана өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн арасынан 5 жылдан кийинки келечектерине байланыштуу эң оптимист эл 68 пайыз менен азиялыктар болгонун, Жакынкы Чыгышта келечегине эң оптимист көз караштагы калктын 62 пайыз менен түрктөр болгонун белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар